Мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов "75чилердин" сотундагы айыптоолор ойдон чыгарылган жомок экенин айтты.
"Чындык жакында ачыкка чыгат. Эгер сот ачык-айкын өтө турган болсо эл билет. Тергөө иштери бир тараптуу өткөн", - деди Асанов.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум ачык өтө баштады.
Бул процесске Өлкөдөгү экинчи адам саналган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди.
Бул ирет анын автоунаасы сот имаратынын короосунун сыртына коюлду. Имаратка жөө басып кирген Ташиев кабарчылардын суроолоруна жооп берген жок.
Анын сөзүнө караганда, айыпталып жаткандардын адвокаттары сот отуруму ачык өтүшүн суранып, судьяга кайрылышкан. Судья өтүнүчтү 11-июндагы отурумда канааттандырган.
Бүгүнкү отурумда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айыпталуучулар иштин ачык жана тез арада аякташына кызыкдар экенин билдирди.
“Тез арада бул ишке жыйынтык чыгарыш керек. Себеби, бул тарыхый сот жараяны. Жок нерседен атайын ушундай маселеге келдик. Бул тарыхый жараян болуп калат. Андыктан акты ак, караны кара деп чекит койгонго бул жерде отургандардын баары, коомчулук да кызыкдар”, - деди Тургунбек уулу.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан буга чейинки сот отурумдары жабык өтүп келген. 11-июндагы отурумда айыпталуучулардын адвокаттарынын сот процессти ачык өткөрүү өтүнүчү канааттандырылган. Сот мекемеси да 11-июнда расмий маалымат таратып, буга чейин сот жабык өтүп келген себебин "өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгондугуна байланыштуу көрсөтмөлөрү депонирленген күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, тергөөнүн сырын жана кылмыш ишинин жагдайларын ачыкка чыгарбоо максаты" менен түшүндүргөн.
Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тилкаты менен эркиндикте.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) жапырт башаламандыкка айыптап кармаган беш саясатчыны Бишкектин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алды.
Алардын бөгөт чарасы 12-февралда каралып, 10-апрелге чейин абакта кармоо чечими чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
ИИМ 11-февралда коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан. Кармалган саясатчылар да мына ушул кайрылууга кол койгондор.
Садыр Жапаров 13-февралда “Кабарга” курган маегинде алардын кайрылуусун бөлүп-жаруу катары мүнөздөдү.
12-февралда ЖК төрагасы кызматын тапшырган Тургунбек уулу УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы, саясаттагы үзөңгүлөшү катары белгилүү. Анын отставка тууралуу билдирүүсүнөн соң айрым депутаттар сөз алып, пикирин айтышты.
Депутат Камила Талиева Тургунбек уулу төрага катары бардыгына тегиз мамиле кылганын, эч бөлүп-жарбагынын белгилеп, "эки күндөн бери эл түпөйүл ойдун тегерегинде абдан кыжалат болуп жатканын", "эки досту ушакчылар уруштурганын" билдирди:
"Президенттин жанындагы вице-премьер-министр кечээ чыгып алып айтып жатат, Камчыбек Кыдыршаевичтин кылган ишин жөн эле жокко чыгарып жатат. Камчыбек Кыдыршаевичтей болуп ошол вице-премьер элге иш кылсынчы. Соцтармактын бир маселесин түшүнбөй туруп... Жөн эле блогер. Жүгүрүп чыгып, чакырык жасап жатат кимдир бирөө элди бөлүп-жарып салгандай. Кана элдин бөлүнгөнү? Эл бөлүнүп-жарылган жок. Элди бөлүп-жарган, мобу саясатты кылган ушул бийликтегилер болуп жатат. Ошол вице-премьер элди бөлүп-жарып, чакырып жасап жатат".
Талиева ошону менен катар Жогорку Кеңештин депутаттарын Жапаров менен Ташиевди ымалага келтирүү үчүн кайрылуу жасоого үндөдү:
"Эл эркелетип "эки дос" деп айтып коет жакшы маанисинде. Эки достун ынтымагын бузгандар болду. Кана, кимиң Камчыбек Кыдыршаевичтей чек араны чечүүдө... Мен ошол вице-премьерлерге айтар элем, кыйын экенсиң, социалдык маселени биринчи орунга коюп койбойсуңбу президентке, элге күйөт экенсиң... Парламент чоң аянтча. Президент менен Камчыбек Кыдыршаевичти ынтымакка, ымалага келтире турган ушул жербиз. Келгиле, бир кайрылуу кылалы, токтотолу!"
Бир күн мурун Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жапаровдун Ташиевди кызматтан алуу чечими боюнча пикирин билдирген. Ал Жапаров–Ташиев ажырымына 75 адамдын кайрылуусу негиз болгонун айткан.
Анда Байсалов Садыр Жапаров акыркы беш жылда мамлекеттик маанидеги бир да маанилүү чечимди Камчыбек Ташиев менен кеңешпей туруп кабыл албаганын жазган. Эдил Байсалов Кыргызстандын бул аралыктагы саясий тарыхы көпчүлүк үчүн күтүүсүз аяктаганын, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу негиз болгонун белгилеген.
“Алар көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту бузуп башташты. Натыйжада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийлик мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду”, - деп жазган Байсалов.
Эдил Байсалов акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып койгонун кошумчалаган. Бул жарандык коомдун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жаштардын сынына кабылганын айткан.
Шерине