Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти. Ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында борбордук трибунада сөз сүйлөп, Кыргызстандагы акыркы окуялар тууралуу комментарий берди. Эч ким басым кылбагынын, өз эрки менен кызматтан кеткенин айтты.
Нурланбек Тургунбек уулу былтыр парламенттик шайлоодо № 15 округдан депутат болуп шайланып келип, 2025-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы болгон.
Ал Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келип, 2022-жылы 5-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топтору парламент төрагасы кызматына талапкер катары депутат Марлен Маматалиевди көрсөттү. Бул тууралуу вице-спикер Чыңгыз Ажибаев 12-февралдагы жыйында билдирди.
Ал депутаттык топтордун чечимин тиешелүү комитетке өткөрүп берүүнү тапшырды.
44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.
Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап, кийин Экономика, Финансы министрликтеринде иштеген. 2009-2010-жылдары ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Кийин өкмөттө иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген. 2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика - Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2020-жылкы чуулгандуу парламенттик шайлоого бийликчил “Мекеним Кыргызстан” партиясынан катышкан. 2021-жылдагы “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңешке баштап барып, мандатка ээ болгон.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) акыркы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу айрым кызыкдар күчтөрдүн улуттук коопсуздук органдарынын ишмердигин каралоого багытталган аракеттери байкалып жатканын кабарлады.
Атайын кызмат бул жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин солгундатуу аракети экенин, УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын жогорку башкы кол башчысына (ред: президентке) баш ийе турганын билдирди.
Мекеме улуттук коопсуздук органдары мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана коомчулук алдындагы жоопкерчилик принциптерин жетекчиликке алып, өлкөнүн Конституциясынын жана мыйзамдарынын алкагында так иш алып барарын кошумчалады. УКМКнын негизги артыкчылыгы - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, терроризмге жана экстремизмге, коррупцияга жана башка коркунучтарга каршы туруу экени айтылат.
“Ар кандай суроолор жана кооптонуулар мыйзам чегинде, фактыларга жана текшерилген маалыматтарга таянып гана чечилиши керек деп эсептейбиз. Мамлекеттик органдардын кадыр-баркына далил келтирбестен доо кетирүү аракеттери конкреттүү бир мекемеге гана эмес, коомдогу жалпы ишеним деңгээлине да зыян келтирет”, - деп айтылат маалыматта.
УКМК коомчулуктун айрым өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жогорку кызматтагы кээ бир адамдарды УКМКнын кызматкерлерине катуу сын айтуудан алыс болууга чакырды. Атайын кызмат ишмердигине байланыштуу конкреттүү кандай маалыматтар тарап жатканы тууралуу мисалдарды келтирген жок.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди.
Президенттин бир топ жылдан берки саясаттагы үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы коомчулукта кызуу талкууну жаратып, ар кандай пикирлер айтылууда.
Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Жапаров жолдогон сунуштамада коомдук-саясий жана эксперттик чөйрөдө президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн жана кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо боюнча талкуулар башталганын себеп катары көрсөткөн. Буга байланыштуу президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Баш мыйзамдын жоболорун чечмелөөнү суранган. Бул маселени Конституциялык сот 17-февралда карары белгилүү болду.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө үндөгөн. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле катка кол коюуга макул болушканын айтышкан.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.
Талаштуу кайрылууга байланыштуу Талгарбеков баш болгон бир нече мурдагы жетекчилер кармалганы белгилүү болду.
Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалды
Ички иштер министрлиги массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген дагы эки жаран кармалганын билдирди. Билдирүүдө "интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган маалыматтарга байланыштуу башаламандыкты уюштурууга шектелген бир нече жарандын иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" деп айтылат.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Билдирүүдө тергөө иштеринин жүрүшүндө иштин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары дагы эки жаран аныкталып, кармалганы айтылат.
Алар 1966-жылы туулган А.К жана 1968-жылы туулган К.А. деп көрсөтүлгөн. Жарыяланган сүрөттөрү жана аттарынын баш тамгалары мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго дал келет.
Кармалгандардын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлгөнү кабарланды.
“Алдын ала маалыматтар боюнча алар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулук арасында такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенишкен», - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Буга чейин мекеме коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалганын билдирген.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.
Сөз болгон кайрылууга Аалы Карашев менен Курсан Асанов да кол койгон.
Шерине