Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

12-февралда депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 77 депутат “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди.

Аны парламенттеги депутаттык топтордун бардыгы - “Адилет Кыргызстан”, “Ала-Тоо”, “Элдик”, “Ата-Журт” жана “Мекенчил” жалгыз талапкер кылып көрсөткөн.

44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Ал мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.

Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап, кийин Экономика, Финансы министрликтеринде иштеген. 2009-2010-жылдары ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Кийин өкмөттө иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген. 2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика - Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2020-жылкы чуулгандуу парламенттик шайлоого бийликчил “Мекеним Кыргызстан” партиясынан катышкан. 2021-жылдагы “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңешке баштап барып, мандатка ээ болгон.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетти. Ал мындай чеимди Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал менен байланыштырып, чечимди өз эрки менен кабыл алганын айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG