Расмий Пхеньян 16-февралда билдиргендей, орус күчтөрү менен катар Украинада согушуп жүрүп курман болгон түндүк кореялык аскерлердин үй-бүлөлөрү үчүн жаңы турак жай кварталы курулуп бүттү.
Бул лидер Ким Чен Ындын согушта маркумдарды урматтоого багытталган кадамы болуп саналары маалымдалды.
Маалымат каражаттары жарыялаган сүрөттөрдө Ким Чен Ын жаңы Сэппёл көчөсү менен басып өтүп, акыркы мезгилде коомчулукка көбүрөөк чыга баштаган кызы менен бирге айрым үй-бүлөлөргө барганы көрсөтүлгөн.
Ал "өз мекени үчүн баарын курмандыкка чалган жаш шейиттердин" карызын кайтарууга убада берген.
Акыркы айларда Түндүк Корея Орусиянын Украинага каршы согушуна жиберилген аскерлерди даңазалаган үгүт иштерин күчөттү.
Маселен, эстелик дубалын орнотуп, музей куруп жатат. Талдоочулар муну ички биримдикти бекемдөө жана мүмкүн болгон коомдогу нааразылыкты ооздуктоо аракети катары баалашууда.
Ким акыркы айларда Орусияга миңдеген аскерлерди жана көп көлөмдө аскердик техниканы, анын ичинде артиллерия менен ракеталарды жөнөткөн.
Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы өткөн жумада депутаттарга берген маалыматында согушка катышкан түндүк кореялык аскерлердин алты миңге жакыны каза болгон же жараат алган деп бааланарын билдирген. Курман болгондордун так саны азырынча билине элек. Былтыр бул мекеменин эсебинде, болжол менен 600 жоокер набыт болгон.
Жабык жыйында өткөн брифингге катышкан депутаттардын айтымында, чалгын кызматы Түндүк Кореянын күчтөрү заманбап согуштук тажрыйбага жана Орусиянын техникалык колдоосуна ээ болуп жатышы мүмкүн деп эсептейт. Бул алардын курал системаларынын натыйжалуулугун жогорулатышы ыктымал.
Жаңы көчөнүн курулушу Түндүк Корея айдын соңунда ири партиялык курултайды өткөрүүгө камынып жатканда ишке ашты. Анда Ким алдыдагы беш жылга ички жана тышкы саясаттагы негизги максаттарын жарыялап, бийлигин мындан ары бекемдөө багытында кошумча чараларды көрүшү күтүлүүдө.
Шерине