Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Эпштейн чатагы боюнча кармалган мурдагы ханзаада Эндрю бошотулду

Мурдага ханзаада Эндрю жана падыша Чарльз III.
Мурдага ханзаада Эндрю жана падыша Чарльз III.

Улуу Британияда падыша Чарльз IIIнүн иниси, мурдагы ханзаада Эндрю Маунтбеттен-Виндзорду полиция 12 сааттан кийин бошотту. Ал америкалык финансист Жеффри Эпштейн менен болгон байланышы боюнча кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген шек менен 19-февралда кармалган.

Sky News басылмасы маалымдагандай, Эндрюга байланыштуу иликтөө уланууда.

Жеффри Эпштейндин иши боюнча документтерден Эндрю америкалык финансистке Сингапур, Гонконг жана Вьетнамга сапарлары тууралуу отчетторду, ошондой эле инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча купуя маалыматтарды берип турганы көрүнгөн.

Эндрю буга чейин өзүнө коюлган бардык айыптоолорду бир нече жолу четке каккан.

Буга чейин премьер-министр Кир Стармер BBC Breakfast программасында мурдагы ханзаадага байланыштуу кырдаал тууралуу сөз кылып жатып «эч ким мыйзамдан жогору турбайт» деген принцип «өтө маанилүү» экенин белгилеген.

2021-жылы Виржиния Жуффре аттуу америкалык жаран Эндрюну сексуалдык зордуктоого айыптап, арыз жазган. Ал Эпштейн аны таасирдүү адамдар менен жыныстык катнашка мажбурлаганын, алардын арасында ханзаада Эндрю да болгонун билдирген. Жуффре кийин өз өмүрүнө кол салган. Британияда анын көзү өткөндөн кийин жазылган мемуарлары жарыяланган.

The Mail басылмасы ханзаада менен кыздын сүрөтүн жарыялаган. Бул чуулгандуу окуянын алкагында Эндрю Улуу Британиянын эл аралык соода жана инвестиция боюнча атайын өкүлү кызматынан кетүүгө аргасыз болгон, ал бул кызматты падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү катары ээлеген.
Кийинчерээк падыша Чарльз III аны наамдарынан жана сыйлыгынан ажыратып, падышалык резиденциядан чыгарууну буйрук кылган. Эндрю камакка алынгандан кийин монарх тергөөнү колдоп, инисинин аракеттерине тынчсыздануусун билдирип, тергөө менен кызматташууга убада берген.

Эндрю ошондой эле Йорк герцогу наамынан баш тарткан. 2022-жылы ал падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү катары милдеттерин аткарууну токтотуп, сегиз ардактуу аскердик наамынан баш тарткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG