Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Жапаров Ташиевге УКМКны реформалоо жөнүндө бир канча жолу эскерткенин айтты

Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев.
Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишиндеги кемчиликтерди учурунда мурдагы төрага Камчыбек Ташиевге айтып келгенин билдирди. Бул тууралуу ал 21-февралда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде айтты.

Ташиевге УКМКнын кадыр-баркын көтөрүүнү, мурдагы СССРдин КГБсындай болушу керектигин айтып келгенин белгиледи. Эл арасында атайын кызматтын кишилери күбөлүгүн “комокторго” чейин көрсөткөн учурлар бар экенин эсине салып, сын-пикирлерден арылууга чакырганын айтты:

“Дал ушул “интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш” боюнча видео жарыялашкан күнү эле чакырып алып: “Досум, бул тармакты ИИМге бер, бул алардын иши. Сен УКМКнын деңгээлин түшүрбө” деп айттым эле. Ал эми коррупцияга аралашкан кызматкерлер боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Алар боюнча маалымат берүүгө болбойт”, - деди Жапаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жаңы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 20-февралда “Вечерний Бишкек” басылмасына маек куруп, атайын кызматты реформа кылуу тууралуу суроолорго жооп берген.

Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Чет өлкөгө чыгып кеткен Камчыбек Ташиев да акыркы камоолор тууралуу үн ката элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG