Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:34

Медиа: Орусия "дос мамлекеттердин" жарандарын согушка жалдоого тыюу салды

Согушка үгүттөгөн плакат. Орусия. Иллюстрация
Согушка үгүттөгөн плакат. Орусия. Иллюстрация

Орусияда Украинага каршы согушка жалдагандарга келишим түзүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмеси берилди. Мындай маалыматты тиешелүү чаттардагы материалдарды анализдеп чыккандан кийин «Важные истории» басылмасы чыгарды.

Иликтөөчүлөр январдан бери армия менен келишимге кол коюуну каалагандарды жалдоо менен алектенген агенттиктер арасында болжол менен 36 мамлекет камтылган тизмени тарата башташканын аныкташты. Ага негизинен африкалык, араб жана башка «дос мамлекеттер» кирген. Арасында Кытай, Индия, Бразилия, Түштүк Африка, Түркия, Куба, Ооганстан, Иран жана Венесуэланы көрүүгө болот.

Мындай чектөөнү киргизүү чечимин ким жана кандай негизде кабыл алганы белгисиз. Бирок журналисттер бир катар өлкөлөр Москвага өз жарандарын жалдоону токтотуу талабын коюп, бул багытта дипломатиялык аракеттер көрүлгөнүн белгилешет.

Алсак, 2024-жылдан бери Непал, Индия, Шри-Ланка жана Иордания ошондой кайрылуу жасагандан кийин жогорудагы тизмеге киргизилген.

Тизмедеги Кениядан бир миңден көп киши орус армиясына кошулганы ал өлкөнүн жана эл аралык медианын көңүлүн бурган.

Орусиянын бийлиги сөз болгон «кара тизме» тууралуу комментарий бере элек.

Украиналык "Хочу жить" долбоору былтыркы күздө жарыялаган маалыматка караганда, Орусия 10 миңден көп чет өлкөлүктү согушка жалдаган. Эң көбү Тажикстан, Беларус, Казакстанга туура келет. Тизмеде 700гө чукул кыргызстандыктын аты-жөнү көрсөтүлгөн.


Шерине

XS
SM
MD
LG