Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:21
Иран. 2026-жылдын 28-февралы.

АКШ жана Израил Иранга каршы сокку урушту, Тегеран жооп кайтарууда

АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралда Вашингтон Иранга каршы "ири масштабдуу аскердик операция" баштаганын билдирди.

Анын алдында, бир нече саат мурда Израил Иранга "алдын алуучу сокку" урганын жарыялаган.

Ал тапта Израил армиясы (ЦАХАЛ) өлкө аймагында Иран тараптан учурулган ракеталар аныкталганын билдирди.

Эки күн мурда АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүшкөн.

15:46

Санарип укуктарды жана байланышты көзөмөлдөөчү Netblocks уюму Иранда азыр "интернет дээрлик толугу менен өчүрүлүп жатат" деп билдирди.

Өткөн айда Иранда интернетке кирүү бир нече жумага созулган кандуу нааразылык акциялары учурунда да токтотулган. Укук коргоочулар бул кадамды өкмөткө каршы демонстрацияларды басуу учурунда Ирандын коопсуздук күчтөрү жасаган кылмыштарды жаап-жашыруу аракети деп аташкан.


15:53

Иран АКШ менен Израилдин биргелешкен соккуларына жооп катары Израилге ондогон ракета учурду. Бул тууралуу Израилдин Коргонуу күчтөрү (IDF) билдирди.

"Бир аз убакыт мурун IDF Ирандан Израил мамлекетинин аймагына ракеталардын учурулганын аныктады. Абадан коргонуу системалары коркунучту токтотуу үчүн иштеп жатат", - деп жазылды мекеменин X социалдык түйүнүндөгү баракчасында.

16:14

The New York Times басылмасы АКШ менен Израилдин Иранга каршы бүгүнкү соккуларынын биринчи толкунунун максаты ислам жумуриятынын лидерлерин жок кылуу болгонун өз булактарына таянып жазды.

Бул тууралуу басылмага Израилдин коопсуздук күчтөрүндөгү кеминде үч булак билдиргени маалымдалды.

Али Хаменеи
Али Хаменеи

Басылма ошондой эле Тегерандын өкмөттүк районунан тартылган видеолорду жарыялады, ал жерде коюу түтүн көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот. Президенттин кеңсеси жана Улуттук коопсуздук кеңеши, ошондой эле башка маанилүү өкмөттүк имараттар ушул аймакта жайгашкан. Дагы бир видеодо Ирандын чалгындоо министрлигинин жанына урулган соккунун кесепети көрсөтүлгөн.

Иран бийлиги, ал тапта, өлкөнүн руханий лидери аятолла Хаменеи жана президент Масуд Пезешкиан коопсуз жерде экенин билдирди.

Социалдык түйүндөрдө өлкөнүн мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежаддын резиденциясына жасалган ракеталык соккунун кесепети деген видео да тарады.


16:18

Кыргызстан соңку окуялардан улам өз жарандарын Иранга барбай турууга чакырды.

Мекеменин 28-февралда жарыялаган билдирүүсүндө "Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна жана Ирандын аймагына жасалып жаткан аба соккуларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын кырдаал туруктуу болгонго чейин Иранга баруудан карманууга катуу сунуштайт" деп айтылды.

Ирандын аймагында жүргөн кыргызстандык жарандарга өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда дароо Кыргызстандын Тегерандагы элчилигине же ТИМдин Консулдук департаментине төмөндө көрсөтүлгөн байланыштар аркылуу кайрылуу сунушталат:

Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилиги (Тегеран шаары):
+98 21 2283 0354, +98 935 250 5229
E-mail: kgembassy.ir@mfa.gov.kg

Кыргыз Республикасынын ТИМинин Консулдук департаменти (күнү-түнү):
+996 999 312 002
E-mail: dks@mfa.gov.kg

28-февралга карата ачык булактардан алынган маалыматтарга ылайык, Түркия менен Иран ортосундагы мамлекеттик чек ара расмий түрдө жабылган жок. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат.

Кошумча шашылыш байланыш телефондору:

Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы Ардактуу консулу:
+374 91 919191

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги:
+90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги:
+993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 59

Кыргыз Республикасынын Афганистандагы Элчилиги:
+93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp)

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги:
+994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү улантат, ошондой эле жарандарды сабырдуулукту сактоого жана жеке коопсуздук чараларын так аткарууга чакырат", - деп айтылды өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин билдирүүсүндө.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG