АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы операцияга байланыштуу америкалыктарга кезектеги кайрылуусун жасайт. Бул тууралуу АКШдагы саясий жаңылыктарды жазган Axios басылмасынын кабарчысы Барак Равид билдирди.
Ал өзүнүн Вашингтондон жана өлкөнүн тышкы саясаты боюнча инсайдердик маалыматтары менен белгилүү кабарчы.
АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралга караган түнү Вашингтон Иранга каршы "ири масштабдуу аскердик операция" баштаганын билдирген. Ал Truth социалдык түйүнүнө сегиз мүнөттүк кайрылуусун жарыялап, Израилдин Иранга сокку уруусуна АКШнын түздөн-түз катышы бар экенин билдирген.
"Америкалык аскерлер Иранда ири аскердик операция башташты. Биздин максатыбыз - Иран режими жаратып жаткан коркунучтарды жок кылуу менен Америка элин коргоо", - деди Трамп.
АКШ менен Израил Иранга каршы ири, координацияланган аба чабуулдарын жүргүзүп жаткан шартта Иранда интернет "дээрлик толук" өчүрүлүүдө.
Интернетти көзөмөлдөөчү NetBlocks уюмунун маалыматына караганда, 28-февралда өлкөдөгү байланыш кадимки деңгээлдин 4 пайызына чейин төмөндөп, аскердик операция күчөгөн сайын маалымат агымы кескин чектелип жатат.
Ирандын бир катар жаңылык сайттары, анын ичинде мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги анын алдында өлкө олуттуу киберчабуулга туш болгонун билдиришкен, интернет ошондон кийин жакшы иштебей баштаган.
NetBlocks ушундай эле абал былтыр Израил менен болгон 12 күндүк тирешүү маалында да катталганын, интернетти чектөө өкмөттүн чечими болушу толук ыктымал экенин белгиледи.
Перс булуңундагы жарылуулар, Иран АКШнын базаларына сокку урганын ырастады
Жакынкы Чыгыштагы соңку соккулар тууралуу билдирүүлөргө байланыштуу Перс булуңундагы өлкөлөр өз аймагына жана америкалык аскердик объектилерге Иран тараптан жасалган соккуларга каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдап жатышат.
Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбору Абу-Дабиде бир нече жарылуу болгонун Reuters жана AFP маалымат агенттиктери жергиликтүү булактарга таянып жазышты.
Катар ракеталык соккулардан улам өзүнүн аба мейкиндигин жаап, эгер зарыл болсо жооп чара көрүүгө даярдыгын билдирди.
Сауд Арабиясы "Иран ырайымсыз агрессия" көрсөткөнүн белгилеп, БАЭ, Бахрейн, Катар, Кувейт жана Иордания мамлекеттеринин суверенитетине олуттуу зыян келтирүү аракети болгонун айтып, Тегеранды айыптады. Бул өлкөнүн борбору Эр-Риядга да Иран сокку урганы тууралуу кабарланган, бирок жогорудагы расмий билдирүүдө бул маалымат расмий тастыкталган жок.
Иран ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын жана Израилдин соңку соккуларына жооп иретинде Бахрейндеги, Катардагы жана Бириккен Араб Эмирликтеринин аймагындагы америкалык базаларга чабуул койгонун билдирип, соккуларын улантарын белгилеген.
The New York Times басылмасынын кабарчысы Кристиан Триберт 28-февралда Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеинин расмий резиденциясынын спутниктен тартылган деген сүрөтүн жарыялады. Триберт геолокациялык анализ негизинде ачык булактардагы маалыматтарды талдоо менен алектенген журналист.
Ал жарыялаган сүрөттөн бир нече имарат жер менен жексен болгонун көрүүгө болот.
The New York Times басылмасы буга чейин АКШ менен Израилдин Иранга каршы бүгүнкү соккуларынын биринчи толкунунун максаты ислам жумуриятынын лидерлерин жок кылуу болгонун өз булактарына таянып жазган. Бул тууралуу басылмага Израилдин коопсуздук күчтөрүндөгү кеминде үч булак да билдиргени маалымдалган.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары соңку чабуулдардан Али Хаменеи да, өлкө президенти Масуд Пезешкиан да жабыркаган жок деп кабарлашкан.
Шерине