Ирандын түштүгүндөгү кыздыр мектебинде кеминде 40 өлүм катталганы кабарланууда
Иранда соңку чабуулдардын айынан кеминде 40 өмүр кыйылганын жергиликтүү бийлик билдиргени кабарланды.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясындагы Минаб шаарында, жергиликтүү губернатордун айтымында, кыздар окуган мектепте 40 өлүм катталды, дагы 48 адам жараат алды.
Эгер бул маалымат расмий тастыкталса, алар АКШ менен Израилдин 28-февралдагы Иранга каршы аскердик операциясынын жайкын тургундар арасындагы алгачкы курмандыктары деп эсептелет.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун аталган аймактагы кабарчылары азырынча бул маалыматтын аныктагын ырастай элек.
Минабда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскердик базаларынын бири жайгашкан.
АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылган омандык башкы дипломат өкүнүүсүн билдирди
Омандын тышкы иштер министри, Иран менен АКШнын ортосундагы соңку сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып келаткан дипломат Бадр ал-Бусаиди согуштук аракет башталганына байланыштуу өкүнүүсүн билдирди. Бул тууралуу учурда АКШда иш сапарда жүргөн министр Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.
"Кооптонуп жатам. Активдүү жана олуттуу жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр кайрадан бузулду. Бул АКШнын кызыкчылыктарына да, глобалдык тынчтык аракетине да туура келбейт", - деди ал.
Вашингтон менен Тегерандын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган омандык жогорку кызматтагы башкы дипломат "олуттуу прогресс" болгонун белгиледи. 24 саатка жетпеген убакыт мурун ал журналисттерге "тынчтыкка жетүү мүмкүн" деп айткан.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон “Кошмо Штаттар, Израил жана Иран ортосундагы согуш глобалдык тынчтыкка жана коопсуздукка олуттуу кесепет алып келерин” эскертти.
Бул эскалацияны “бардыгы үчүн кооптуу” деп сыпаттаган президент Иран режими “ядролук жана баллистикалык программалары, аймакты дестабилизация кылган аракеттери айланасындагы сүйлөшүүлөргө чың ыкластан катышуудан башка аргасы жок экенин түшүнүүгө тийиш” деп белгиледи.
Макрон Х платформасына жазган постунда “Ирандын эли өз келечегин эркин куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек” деп, европалык жана регионалдык өнөктөштөр менен кеңешип, БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнүн үстүнөн иштеп жатканын кошумчалады.
Француз лидери өлкө аймагынын, жарандарынын коопсуздугун жана Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктардын коопсуздугун камсыздоо үчүн колдо бар аракет көрүлөрүн белгиледи.
Улуттар уюмунун Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салган атайын баяндамачы Маи Сато АКШ менен Израилдин Иранга сокку урганын сындады. Анын айтымында, чабуул “БУУнун Хартиясын бузуу менен жана Коопсуздук кеңешинин уруксатын албастан жасалды”.
“Биз эл аралык укук качан иштерин каалагандай тандай албайбыз”, - деп жазды дипломат Х социалдык тармагына жана “мыйзамсыз аскердик кийлигишүү өзөктүк курал маселесин же Ирандагы адам укуктарынын абалын чече албайт” деп белгиледи.
Сато кырдаалдын курчушу “адам укуктарына, өзгөчө карапайым адамдарга жана инфраструктурага кандай таасир этип жатканына" көз салып турганын билдирди.
Шерине