Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:26

Аба ырайы: жаан, кар жаайт

4-5-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолордогу жолдордо, ашууларда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

5-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, карга айланат. Тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын мол жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз ала булут каптап турат, жаан жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 9…11° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG