Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

1-апрелден тартып бардык мугалимдердин айлыгы 100% жогорулайт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Агартуу министрлиги Кыргызстанда 1-апрелден тартып бардык мугалимдердин айлык акысы 100 пайыз жогорулай турганын билдирди. Министрлик 11-мартта тараткан маалыматта айлык акыны көбөйтүү президент Садыр Жапаровдун чечими менен болуп жатканы, бул билим берүү тармагынын кызматкерлеринин баарына тийиштүү экени жазылган.

"Эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болот. Учурда STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акысы гана жогорулап, калган тарых, кыргыз тили жана география мугалимдериники жогорулатылбайт жана бул предметтердин сааттары кыскарууда деген маалыматтар чындыкка дал келбейт" деп билдирди министрлик.

Министрлик ошондой эле айлык акыны жогорулатуу - педагогдордун макамын көтөрүүгө жана алардын мамлекеттин өнүгүшүндөгү ролун баалоого багытталганын белгиледи.

Акыркы күндөрү коомчулукта президент убада кылгандай, 1-апрелден тартып көтөрүлөрү айтылып жаткан айлык акы маселеси бардык мугалимдерге тиешелүү эмес экени туралуу тынчсызданган маалыматтар тарап жаткан.

11-мартта бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Табылды Муратбеков бардык мугалимдердин айлык акысы көтөрүлбөйт экен деп тынчсызданган агай-эжейлер аймактардан кайрылып жатышканын парламент трибунасынан айтып, Агартуу министрлигинен түшүндүрмө талап кылган.

Былтыр күзүндө президент Садыр Жапаров 2026-жылдын апрель айынан тартып Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сомдон 40 миң сом болуп көтөрүлөрүн билдирген.

Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт. (ZКo)

Шерине

XS
SM
MD
LG