Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Аба ырайы: көпчүлүк аймакта жаан жаайт

2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба табынын ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

31-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндуз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз 13…18.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылуу болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG