Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:52

Аба ырайы: аймактарда жаан жаайт

Чүй облусу. Кашка-Суу
Чүй облусу. Кашка-Суу

20-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27:

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21:

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22.

Бишкек шаарын ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашы ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 23…25° жылуу болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG