Курс эки жыл мурда поэзия жана прозага шыктуу калемгерлерге адабият жаатында билим берүү, чыгармачылык жөндөмүн жогорулатуу максатында ачылган.
... Жалгыз көчмөн сансыз жолдон тайманбайт,
Коркот алар ата салттан, уяттан,
Көчмөндөрдүн салт-санаасы, жашоосу,
Жер энени сактап калат ураштан.
Ал көчмөндөр, көчмөндөр,
Мезгилди кууп көчкөндөр,
Арыстандан айбаттуу, ажыдаардан өктөмдөр,
Ашуусу муз Балкандан, ат ойнотуп өткөндөр,
Ал көчмөндөр, көчмөндөр...
Бул төкмө акын Акматбек Султандын дипломдук ишине кирген “Көчмөндөр” ыры.
Дипломдук ишти кабыл алган комиссиянын мүчөсү, этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов ага төкмөлүк менен жазма адабиятты бирге алып кетүүнү сунуштап, акындын чыгармачылыгына мындай баа берди.
“Жазманын иши башка, ал эми төкмө акындык такыр башка. “Көчмөндөр” Акматбектин чыныгы жүзүн, азыркы абалын көрсөткөн ыр экен деп ойлоп калдым. Мында төкмөчүлүктүн шыгы да көрүнүп турат. Муну ырдасын деп чыгарган көрүнөт. Бир жагынан обондуу ыр, экинчи жагынан кадимки адабий чыгарма катары окуй турган ыр. Бул экөө эки башка. Мындай окусаң Рамис Рыскуловдун ырын уккандай болосуң. Аны ырга салса болот. Акматбектин ырынан төкмөлүк менен поэзиянын жалгашкан жери байкалууда. Экөөнүн эки башка оокат экени башымдан өткөн. Филфакка төкмө болом деп келгем, ырдачумун. Жарым жылдан кийин “кой, болбойт экен” деп калдым. Анан жаза баштадым. Акбар Рыскуловдой жаза алган жокмун. Ал акын экен, мен башка экем. Анан кара сөзгө өттүм. Ал дагы меники эмес экен. Ушундай экен. Жүрүп отуруп өзүмдү башка жактан таптым. Мурда төгүп жүрсөм, кийин кекечтенип калдым. Жазма чыгарма жазуунун техникасы төкмөчүлүк өнөрдү мокотуп, аксатат. Акыры жүрүп төгө албай каласың. Ошон үчүн экөөнү тең алып кетсең кандай сонун болмок. Бирок сен нукура төкмөсүң”.
Акматбек Султан эки жыл мурда адабий курска билимин тереңдетүү үчүн тапшырган экен.
“Мен буга чейин Улуттук консерваториянын Элдик ырдоо бөлүмүн бүткөм. Жогорку адабий курска сөз зергери болоюн, улуу даанышмандардын мурастарын түшүнөйүн деп тапшыргам. Издегенимдин баарын таптым деп айта албайм, бирок издегениме алып барчу улуу жолду таптым десем болот. "Ааламдын башаты - сөз" дейт эмеспи. Мен сүйлөгөн сөздү миңдеген жыл мурда кыргыздар сүйлөгөн. Бул сөздөр доорлорду карыткан, атаны балага жалгап, адамды адам кылган касиет да. Бул жерден китеп окуганды үйрөндүм. Чыгыш жана Батыш адабияттарын окудум. Айтматовдун чыгармаларына көбүрөөк токтолдук. Төкмө акын болгондон кийин көркөм сөздү көп колдонбойбуз да. Мен болсо сөздүн күчү, даанышман ойлор менен таанышкым келген. Үйрөнгөнүмдү айтыш аркылуу элге жеткирейин дегем. Ошол максатка жол таптым. Буюрса дагы окуйм. Эки жыл мага аздык кылды".
"Адабият мени депрессиядан куткарды"
Адабий курстун алгачкы он төрт бүтүрүүчүсү эки жыл ичинде ар кандай жанрдагы чыгармаларды да жазышкан. Мисалы, 3-июнда акын Алтынай Ормотоева дипломдук иши катары тарыхый маалыматтарды иликтеп, “Саадаксыз жебе” аттуу тарыхый-даректүү повестин, Ырысбүбү Сагынбаева мистика-криминалдык жанрдагы “Билерик” повестин, Жанаргүл Жолдошева “Ак-Буурага аккан гүл” повестин жазган.
Замира Кашкариева Москвада он жылдай жүргөн. Адабий курста окугандан кийин ошол миграциядагы жашоосу, алган таасирлери, көрүп-билген адамдардын элестери "Муздак шаар" деген повестке айланган.
“Москвада он жыл дарыканада иштедим. Ошол кезде ыр жазып жүрчү элем. Кийин бул жакка келдик. Адабий курска поэзияны, ыр жазуу чеберчилигин үйрөнүү үчүн келгем. Окуунун шарапаты менен кара сөздү жазып калдым. Дипломдук иш катары миграцияда жүрүп көргөн окуяларды чыгармага айландырдым”, - дейт Замира Кашкариева.
"Уланга"
Кыргыз үчүн жалындап күйүп турдуң,
Жарык чачып Күн болуп тийип турдуң.
Чындык үчүн чыркырап жалгыз өзүң,
Парламенттен, соттордон бийик турдуң!
Чындык үчүн күрөштү баштап кеттиң,
Чымын жаның чыркырап какшап кеттиң.
Чындык жанып от болуп тутансын деп,
Дүрт эттирчү учкунду таштап кеттиң.
Акыйкатсыз жашоого көнгөн жоксуң,
Чындыгы жок келечек көргөн жоксуң.
Акыйкаттын символу болуп калдың,
Сен өлбөдүң..,Уланбек...өлгөн жоксуң.
“Азаттыктын” кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевге ушул ырын арнаган Маматкадыр Тиллебаев Адабий курска бизнестен келиптир.
“Биринчи авиациялык окуу жайды бүткөм, анан ошол тармакта иштегем. Кийин Кыргыз улуттук университетинин тарых, юридика факультеттеринде окудум. Бул жакка келгенге чейин ыр жазып жүрчүмүн. Ырларыма обон жарала баштаганда теориялык билим керектигин билдим. Бир жолу “Азаттыкка” Шайлообек Дүйшеевге баргам. Ал киши жазган ырларымды окуп көрүп, “Жакшы экен, бирок акын болом десең, баарын жыйыштырып ырдын артынан түш” деп кеңеш берди эле. Москвадагы Горький атындагы адабият институтуна окууга барсамбы деп жүргөндө ушул Жогорку адабий курс ачылып калды”.
Алты баланын энеси Жанаргүл Жолдошеваны Адабий курстан окууга депрессия түрткөн экен.
“Жан дүйнөмдө болуп жаткан уйгу-туйгуну тынчтандыруу, ойлорду ишке ашыруу үчүн келгем. Жолдошум каза болуп, чөгүп кеткен элем. Эки жылда жан дүйнөмдү дарылай алдым десем болот. Тирүү кишинин оокаты өтө берет тура, балдарымдын асты студент болуп калды. Алар менен жарышып мен окуп жатам. Бул жерден психологиялык, философиялык чыгармаларды окудук. Окуп эле тим болбой ошондой чыгармаларды жазууга шыктанып да калдым. Мурда адамдын сырткы түспөлүн эле жазсам, эми алардын ички дүйнөсү кызыктыра баштады. Эки жылда ондон ашык аңгеме жаздым. Мен өзүм Ошто, Кыргыз-Өзбек университетинде окугам. Ошонун жемишин азыр таттым десем болот. Азыр өзбек жазуучуларынын чыгармаларын дагы которуп жатам. Өзүм Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылыгына шыктанам. Ал киши Алайдан болсо, мен Алайкууданмын. Курсташым Акматбек Султан “Жусубалиев Алай лама болсо, сиз Аял ламасыз” деп тамашалап калат. Сулайман агай дагы “Жусубалиевдей жазасың” деп “Куке” деп чакырат”.
Айтматовдун мекениндеги адабият
Жогорку адабий курс мындан эки жыл мурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин базасында акын, жазуучу, адабий сынчы жана котормочуларды даярдоо үчүн ачылган.
Аны ачуу демилгеси филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы Үмүт Култаевага таандык. Анын президентке жазган катынан кийин ошол кездеги Билим берүү жана илим министрлигине, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине курсту ачуу боюнча тапшырма берилген.
"Курстун алгачкы бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу диплом алышты. Быйыл үчүнчү группаны кабыл алабыз. Курсту экиге бөлгөнбүз. Прозаны мен жетектесем, поэзияны Кожогелди Култегин жетектейт. Ал киши Горькийден бүткөн да. Курска келгендер эми токтолуп калган, билимин жогорулаткысы келген адамдар. Айрымдары башка кесиптин ээлери. Мисалы, Дүйшөмамбет Оразалиев жаңы келгенде эле: "Эже, мен Айыл чарба университетин бүткөм, жазып жүрөм, бирок туурабы же туура эмеспи билбейм" деген. Эки жыл ичинде мыкты прозаик болуп чыкты. Бир аңгемеси жакында жаңы чыккан "Ала Тоо" журналына да кирди. Эки жылда өз командабызды топтой алдык. Бизде илимдин сегиз доктору бар. Фольклор таануучу Сулайман Кайыпов эл аралык деңгээлдеги лектор, Сократ сыйлыгынын лауреаты. Аспирантураны Москвадан бүтүргөн, Түркияда, Кытайда иштеп келген. Гүлжигит Сооронкулов Пушкин таануучу. Ал киши антикалык, орус, чет элдик адабияттан берет. Илимдин кандидаты Рахат Таштемирова тилден берет. Мен өзүм Чыгыш адабиятынан сабак бердим. Бул эми мухит да. Рудакиден баштап Назым Хикметке чейин эки жыл окушту. Хафиздин чыгармалары менен таанышты. Философиядан Алтынбек Бабашев берди. Рысбек Эшматовду балдар көтөрүп келгенге даяр. Мен кечээ Чыңгыз Айтматовду окусам, "Мифология - чыгарманын пайдубалы" дептир. Мына ошол мифологияны курстагылар ушул кишиден үйрөнүштү".
Фольклор таануучу, этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап жатып, курстун астында адабий журнал ачууну сунуштады.
“Айматовдун өлкөсүндө адабий курстун жоктугу бул акмакчылык. Айтматовдун өлкөсүндө бир адабий журналдын жоктугу андан өткөн акмакчылык. Бул жакында эле жоюлуп, “Ала Тоо” журналы кайрадан чыга баштады. Айтматов, “Манас” бар өлкөдө адабий журналдар көп болушу керек эле. Ыкшоолугубуздан, өзүбүздүн ким экендигибизди билбегендигибизден тамтаңдап, адабияты жок, тарыхы жок кишилердей басып жүрдүк. Адабият өзү арабдын сөзү. Аны алмаштыра турган кыргызча сөз жок болуп жатат да. Мейли эми көнүп калдык. Азыр “Адабият деген жаман сөз” дей турган болсок, мени жети миллион кыргыз сөгүшү мүмкүн. Ошон үчүн “Адабият” деген журнал ачсаңар, ушул курста окугандардын, иштегендердин, конок болуп келгендердин чыгармалары жарыяланып турса, чындап журнал болмок. Биринчи номерин өз акчама чыгарып берейин. Бүгүнтөн баштап ушуну ойлоно бергиле”.
Филология илиминин доктору, профессор Гүлжигит Сооронкулов кыргыздын табияты көркөм сөзгө, адабиятка жакын экенин белгилеп, бирок соңку кезде ага жасалган мамилеге нааразы болду.
“Силер менен иштешип, даярдана баштаганда антикалык адабиятты кайрадан окуп чыгып, рахаттандым. Кыргыз эли өзү адабиятка жүрөгү менен жакын эл. Министрликти сындагандай угулушу мүмкүн. Бирок мектептеги адабият сабактарын кыскартып отурушуп жумасына бир гана жолу окутулуп калды. Аны кыскартып эле тим болбой, мазмуну дагы өзгөрүп, “Кыргыз жана дүйнөлүк адабият” болуп калды. Ушул жагы түшүнүксүз, логикага сыйбаган иш болуп жатат. Грузин мектептеринде 1-класстан 5-класска чейин бийге үйрөтөт экен. Кыргыз ырга жакын болгондон кийин 1-класстан 12-класска чейин ырдоо сабагын сактап, үйрөтүш керек. Адабият журналын ачуу чынында жакшы сунуш”.
Филолог, драматург Рахат Таштемирова курста окугандарга сөз менен иштөөнү, сүйлөмдү туура түзүүнү үйрөткөн. Ал адабиятта сын жанры өнүксө деген тилегин билдирди.
"Адабиятты иргеп турган сын болсо. Сын жоктугунан айрым чыгармалар жакшы болбой жатат. Адабий сынчы болуу оңой эмес. Салижан Жигитов кайсы бир телеберүүдө "Нагыз жаза турган доор ушул" деп айтты эле. Жазылбай, казылбай жаткан тема көп. Бүгүнкү күндө китеп окуу маданияты да жоголуп баратат. Окурмандарды дагы тарбиялаш керек. Коом дагы ар түрдүү, көз карашы келишпеген адамдар көп. Мындай учурда коомду толеранттуулукка тарбиялоо милдети турат".
Адабий курстун алгачкы сабагы 2024-жылы октябрь айында Касымалы Баялинов атындагы китепканада башталган. Курстун катышуучулары жумасына беш күн бою саат түшкү үчтөн кечки сегизге чейин билим алышкан. Аларга бул убакыт ичинде аталган сабактардан лекция өтүлгөн. Бир күн чыгармачылыкка арналган. Курска сабак берген окутуучулар бир айга 2 миң сомдон маяна алышат.
Шерине