Атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун экс-директору Уранбек Шадыбековго Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен айып тагылганы белгилүү болду.
7-июлда Аскер прокуратурасы УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары - атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун экс-директору Уранбек Шадыбековду кармаган.
Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин атайын кызматка барган Шадыбековдун коррупцияга шектелиши коомчулукта талкууга түштү.
Маалыматка караганда, аталган адамдар Аскердик прокуратурада 6-июлдун кечинде суракка алынып, 7-июлда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Атайын кызмат бул боюнча маалымат бере элек.
Айрым басылмалар кармалгандарга коррупция боюнча айып тагылганын жазышты. Социалдык тармактарда жана айрым маалымат сайттарында УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковдун да кармалганын жазып, атайын кызмат аны төгүндөдү.
“УКМК төрагасынын биринчи орун басары Р.Мамасадыков кармалды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Сураныч, расмий булактарга гана таянып маалымат чыгарыңыздар”, - деп жазылган билдирүүдө.
Иштин жагдайлары, кандай коррупциялык аракеттер жөнүндө сөз болуп жатканы жана Шадыбеков менен кармалгандардын аты-жөнү тууралуу маалыматтар бериле элек.
Шадыбековдун жактоочусу жана жакындары бул боюнча комментарий бере элек.
Ушуну менен соңку үч ай ичинде УКМК төрагасынын мурдагы эки орун басары жана бир катар кызматкерлери кармалды. Мындан тышкары жапырт кызмат алмашуулар жана төмөндөтүүлөр болду.
Атайын кызматтагы мындай “тазалануу” жараяны Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан кеткенден кийин жүрө баштады. Ошол учурда коомчулукта атайын кызматтын кызматкерлери ишкерлерге басым көрсөткөнү, мыйзамсыз аракеттерге барганы боюнча сын-пикирлер көп айтылып турган. Мындан улам Ташиевден кийин келген жетекчилик мыйзамсыз иштерге аралашкан кызматкерлерден тазаланып, мекемени да “саясаттан тышка” чыгарууга аракет кыларын билдирген.
Саясий ишмер Орозбек Молдалиев кармалганы айтылган Уранбек Шадыбековдун Ташиевдин отставкасынан кийин кызматка келгенине көңүл бурду.
“Ал Камчыбек Ташиев кеткенден кийин кызматка келген эмес беле? Эми кандай эле коррупцияга шек саналып калтат? Шектелгенинен жана кызматтан кеткенинен да маанилүү маселе бар. Улуттук коопсуздук менен алектенип, анын ичинде мамлекетке зыян келтирген коррупция менен күрөшө турган органдын өзүнөн ушундай маселенин чыгып жатышы бийликти, коомчулукту ойлондурат. Коррупция ушунчалык тереңдеп кеткенби деген ой туулат. Төрт ай иштеп кеткен УКМК мурдагы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков тазаланып жатабыз деген эле. Бул органдын ички иликтөө бөлүмдөрү да бул көйгөйгө алы жетпесе, аларды ким барып текшериши керек? Негизи Башкы прокуратура деген бар жана ал күч органдарындагы мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөйт. Камчыбек Ташиевдин кетишинен кийинки кадрдык өзгөрүүлөрдүн өзүндө деле ойлондура турган жагдайлар бар. Бул системадагы мыйзам бузуулар мурда болуп келгени менен акыркы кездери ушунча чоң деңгээлге жеттиби деп ойлоносуң”.
Уранбек Шадыбеков кызматка дайылдалгандан төрт айдан кийин – 8-июнда бул кызматтан алынып, ордуна Алмаз Ажыгулов дайындалган.
Быйыл апрель айында Аскер прокуратурасы УКМКнын мурдагы төрагасы Тимур Шабданбеков баш болгон бир канча кызматкер кармалганын билдирген. Ага кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылганы айтылган. Кийин УКМК төрагасынын дагы бир мурдагы орун басары Даниэл Рысалиев Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кармалып, кийин үй камагына чыкканы белгилүү болгон.
Атайын кызматтын мурдагы жана азыркы кызматкерлерине карата улам кылмыш иши козголуп, текшерүүнүн күчөтүлүшү коомчулуктун көңүл борборунда болууда.
Журналист Төлөгөн Сулайманов Шадыбековго байланыштуу жагдай боюнча буларды жазган:
“Укук коргоо органдары бир колго топтолуп, өзгөчө күч түзүмдөрү толук узурпацияланып бараткан. Ал тургай сот бийлигинин да тизгини бошой түшкөнүн "кемпир-абадчылар" ачык айтып чыгышты. Эми кайрадан ар бир структура өз функционалдык милдетине кирүүгө аракеттене баштагандай. Учурунда Аскер прокуратурасы бар же жок экени билинбей кеткен. Азыр айбаты күч органдарга тиш сала баштады. Бул мекемелер аралык балансты сактоодо жакшы жөрөлгө. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, кечээ жакында эле дайындалган кадрлардын тандалма эмес, мыйзам бузуусу боюнча иш козголуп жатканы”.
Февраль айында Ташиевдин ордуна УКМКнын төрагасы болуп бекиген Жумгалбек Шабданбеков да 30-июнда кайра кызматтан алынган. "Ынтымак Ордо" мунун себебин анын башка кызматка өткөнү менен түшүндүрүп, кайсы ишке барганын тактаган эмес.
Президент чыгарган тескемеге ылайык, 30-июнда башкы прокурор Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Шерине