Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Азербайжандын Орусияга айрым түз аба каттамдары кайрадан ачылат

Казакстан, Актау. Учак кулаган жер.
Казакстан, Актау. Учак кулаган жер.

Азербайжан Бакудан Грозныйга учуп бараткан Azerbaijan Airlines учагы кыйраган окуядан кийин жабылган бир катар багыттар боюнча Орусияга түз аба каттамдарын жакын арада кайрадан ачмай болууда. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып билдирди.

"Жакын арада 2024-жылдын декабрындагы каргашалуу окуядан кийин чектөө киргизилген бир катар багыттар боюнча түз каттамдар калыбына келтирилет деп күтүлүүдө", - деди ал.

Быйыл 15-апрелде Азербайжан менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтери 2024-жылдын 25-декабрында Казакстандын Актау шаарынын жанында 38 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына байланыштуу биргелешкен билдирүү тараткан. Анда "бардык тараптар кесепеттерин, анын ичинде компенсация төлөө маселесин тийиштүү түрдө чечүүгө жетишти" деп айтылган.

Учак Бакудан Грозныйга бет алып, бирок чечен баш калаасына коно албаганда деңиздин аркы жээгиндеги Актауга бурулууга аргасыз болгон. Бирок Каспийдин үстүнөн учуп өтүп, шаардын жанында кулаган. Борттогу 67 адамдын 38и каза тапкан. Жарадар болгондордун арасында кыргызстандык үч киши болгон.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусияны айыптап, компенсация талап кылган. Орусиянын президенти Владимир Путин кырсыктан төрт күндөн кийин кечирим сураган, бирок Москва окуя үчүн жоопкерчилик алган эмес. Ошондон улам ортодогу мамиле курчуган.


Шерине

XS
SM
MD
LG