Орусиянын Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасындагы өрттө документтери калып кеткенин билдирип, кыргызстандык бир нече жаран элчиликке кайрылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, учурда кампадагы өрт учурунда жабыркагандардын арасынан кыргызстандыктарды тактоо иштери уланууда.
“Элчилик тактоо иштерин улантып жатат. Элчиликке, документтери күйүп кеткен айрым жарандар кайрылышты”.
Кулукеева канча кыргызстандык жаран кайрылганын тактаган жок.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 18-июлда дипломатиялык өкүлчүлүк документтерди тариздөө жана калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүүгө, өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр экенин билдирген.
18-июлга караган түнү Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries маркетплейсинин кампаларына дрон тийген.
Акыркы маалымат боюнча Электросталда 61 адам жабыркаган, бири оорукада набыт болгон. Котовск шаарында түнкү кезметте иштеген жети адам каза болуп, 25 киши жабыркаган. Жалпы сегиз киши каза таап, 80ден ашууну түрдүү жараат алды.
Кыргызстандын Москвадагы элчилиги өрт каптаган кампаларда набыт болгондор тууралуу расмий тастыкталган маалыматта кыргыз жарандары жоктугун маалымдаган. Ошондой эле жеңил жаракат алган 21 жаштагы Ж. уулу А. ооруканага жаткырылып, абалы канааттандырарлык экенин кабарланган.
Мурдараак кампалардын биринде түнкү нөөмөттө иштеген 21 жаштагы кыргыз жараны О.А. дайынсыз экени тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал туугандары менен байланышып, жумуштан эрте чыгып кеткенин, телефону өчүп калганын айткан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Москва жана Тамбов облустарындагы "логистикалык объектилерге" сокку урулганын ырастап, алар "дрон жана навигация жабдыктарын өндүрүү үчүн санкцияга кабылган тетиктерди жеткирүүдө колдонулганын" билдирди. (ZKo)
Шерине