Wildberries компаниясынын башчысы Татьяна Ким жабыр тарткандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүнү убада кылды. Ал өзүнүн Телеграм каналына украин чабуулунан чыккан өрттө товарларынан ажыраган соодагерлерге кенемте төлөө маселеси каралып жатканын жазды.
“Өзгөчө кырдаалга жана жоголгон товарлар үчүн кенемте төлөп берүү милдетибиз жоктугуна карабай, биз сатуучуларга төлөнүүчү кенемтенин көлөмүн жана башка финансылык колдоо чараларын иштеп чыгуудабыз. Командабыз менен биргеликте убада кылганыбыздай, сатуучуларды колдоонун алгачкы чараларын ишке киргизе баштадык. Көпчүлүк өнөктөштөрүбүз үчүн азыркы учурда товар жеткирүүнү мүмкүн болушунча тез калыбына келтирүү жана кадимки иш тартибине кайтуу өтө маанилүү экенин түшүнөбүз. Ошондуктан бүгүнтөн тартып бир катар кампаларда жеткирилген күндөн тартып 45 күнгө чейин сактоо кызматына жеңилдик беребиз. Ошондой эле аймактык кампаларга транзиттик жеткирүүлөр үчүн 100 пайыздык жеңилдик киргизилет. Ошол эле учурда сатуучуларды колдоо механизмин иштеп чыгуу уланууда. Бул үчүн келтирилген чыгымды баалап, төлөмдөрдүн көлөмүн аныктоо зарыл. Адистердин баамында, бул процесс 30 күнгө чейин созулушу мүмкүн”? - деп жазды Wildberries компаниясынын башкы директору Татьяна Ким өзүнүн Telegram каналында.
Анын айтымында, компания каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 2 миллион рублдан, ал эми оор абалда жабыркагандарга 1 миллион рублдан төлөп берет.
18-июлга караган түнү Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries маркетплейсинин кампаларына дрон тийген.
Акыркы маалымат боюнча Электросталда 61 адам жабыркаган, бири оорукада набыт болгон. Котовск шаарында түнкү кезметте иштеген жети адам каза болуп, 25 киши жабыркаган. Жалпы сегиз киши каза таап, 80ден ашууну түрдүү жараат алды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Wildberries компаниясынын логистикалык борборлорунда учкучсуз учактар үчүн тетиктер сакталганын билдирген.
Шерине