2-августта жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 30…35
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 37…39° ысыйт.
Чолпон-Атада жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 27…29° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 31-июлда күндүз 24,8°, 1-августта эртең менен 22,2° болду.
Шерине