Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:09

Казакстанда Курултайга шайлоо өтүп жатат

Казакстандагы шайлоо. 23-август, 2026-жыл.
Казакстандагы шайлоо. 23-август, 2026-жыл.

Бүгүн, 23-августта Казакстанда Курултайга - бир палаталуу парламентке шайлоо өтүп жатат. Жалпы өлкөдө 10 миңден ашуун шайлоо участогу иштеп жатканы, дагы 79 добушкана чет өлкөлөрдөгү элчиликтерде жана консулдуктарда ачылганы кабарланды. Добуш берүү саат 20:00гө чейин созулат.

Казакстандагы жалпы 20,5 млн чамалуу элдин 12,6 миллиону шайлоо укугуна ээ. Өлкөдө шайлоонун өткөнүн аныктоочу босого жок.

Курултайга шайлоо партиялык система менен жүрүүдө. 145 мандат үчүн жети партиядан 545 талапкер ат салышууда. Шайлоого "Ак жол" партиясы 63 талапкери, "Ауыл" 69, "Адилет"186, "Байтак" жашылдар партиясы 47, Элдик партиясы 72, Жалпы улуттук социал-демократиялык партия 33 талапкери жана "Республика" партиясы 76 талапкери менен катышууда.

"Адилет" партиясынан башка партиялардын баары мурдагы эки палаталуу парламенттик шайлоого катышкан. Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Айбек Дадебай жетектеген "Адилет" партиясы шайлоого эки ай калганда каттоодон өткөн.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы 24-августта чыгары күтүлүүдө. Мыйзам боюнча добуштардын расмий жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы он күч ичинде чыгарат.

Бул шайлоо журналисттерге жана маалымат каражаттарына карата басым күчөгөн, ошондой эле көз карандысыз байкоочулардын саны кыйла кыскарган шартта өтүп жатат.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG