Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Кыргызстанда Улуттук шахмат академиясы түзүлөт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Шахмат союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлык эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү үчүн заманбап база түзүү жана таланттуу спортчуларды системалуу колдоо максатында кабыл алынганы белгиленди.

Жарлыктын негизинде «Кыргыз Шахмат союзу» юридикалык жактар бирикмесинин демилгеси колдоого алынып, «Улуттук шахмат академиясы» мекемеси түзүлөт.

Жогорку спорттук жыйынтыктарды көрсөткөн спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына эл аралык мелдештерге, окуу-машыгуу жыйындарына катышуу, инвентарь сатып алуу жана кесиптик өнүгүүгө байланышкан башка муктаждыктар үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары каралган.

Мындан тышкары, заманбап материалдык-техникалык базаны түзүүгө, шахматты өнүктүрүүгө жана жайылтууга көмөктөшүү максатында президенттик фонддон 100 миллион сом бөлүп, өлкөдө шахматты өнүктүрүү фондун түзүү каралган.

Жакында Кыргыз шахмат бирикмесинин президенти болуп шайланган саясатчы Аида Салянова өлкөдө шахматты өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлөрүн убада кылган.

Салянова Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгы даярдалып жатканын, ошондой эле бул оюнду мектеп программасына киргизүү боюнча пилоттук долбоор башталганын билдирген. Ал Бишкекте шахмат бирикмеси үчүн атайын имарат бөлүнөрүн жана оюнду жайылтуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн белгилеген.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG