Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

"Ташиевдин кейпин кийип калбагыла". Депутаттын эскертүүсү эмнеден кабар берет?

Нурбек Сыдыгалиев, Камчыбек Ташиев. Коллаж сүрөт.
Нурбек Сыдыгалиев, Камчыбек Ташиев. Коллаж сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди мисал келтирип, аткаруу бийлигине берген эскертүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.

Ташиевдин тарапташтары арасында депутаттын билдирүүсүн сынга алып, аны “атайын уюштурулган каралоо” деп мүнөздөгөндөрү да бар. Бул талкуунун арты менен парламент жана аткаруу бийлиги институттарынын ортосундагы тең салмактуулук маселеси да күн тартипке чыкты.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев мындай сын-пикирин 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтты. Ал транспорт министри пландалган отурумга келбей калгандыктан комитет кезексиз жыйын өткөрүүгө мажбур болгонунан улам аткаруу бийлигин сынга алды:

“Ташиевге окшогондор “Мен президенттин досумун” деп жүрүшкөн да, туурабы? Сессияга келип алып чегинен чыккандар болгон. Бир эле калемдин учу менен анын тагдырын чечип коёт. Премьер-министр, биринчи вице-премьерлер, министрлер, калемдин учу менен тагдырыңар чечилет. Ошондуктан биздин комитет министр келсин дегенде келип турушу керек”.

Депутаттын мындай сөзү коомчулукта талкууга түштү. Ташиевдин тарапташтары муну атайылап каралоо катары кабыл алышты.

Атайын кызматтын мурдагы башчысынын тарапташы Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына нааразылыгын жазды:

“Урматтуу президентибиз менен урматтуу генералыбыздын алдыда дагы чогуу басар жолу узак деп ойлойм. А бүгүнкү ортодогу оюнчулар болсо депутаты дагы, башкасы дагы күнү келгенде ар бир ушагы, ар бир жагымсыз жана жасалма сөздөрү, кадамдары үчүн жок эле дегенде абийиринин алдында жооп берүүгө аргасыз болот! Камчыбек Ташиев эч кимисине эч кандай жаман сөз айтпады, кайым айтышпады жана баары мыйзам чегинде гана болсун деп отурат”.

Депутаттын сөзүнө Ташиев өзү үн катпаганы менен социалдык тармактарда да Сыдыгалиевдин дарегине сын айтылып, ачык суроо койгондор болууда. Депутат ал сөзүндө эч кандай каралоо ниети болбогонун “Азаттыкка” билдирди.

“Бул жерде эч кандай каралоо аракети деле жок. Мен болгон чындыкты айтып жатам. Аны менен (ред: Камчыбек Ташиев) 2025-жылы бир окуялар болгон. Ал мага тийишип, артымды казып, көп окуялар болгон. Мындан эмне өч алмак элем? Өзү кылган нерсесин өзү көрөт. Жыйынга министрлерди чакырсак, орун басарлары келет. Министрлер айына бир жолу келип турса болот да. Ошол жерде “Ташиевдин кейпин кийип калбагыла” деп айтылып калды”, - деди Сыдыгалиев.

Депутаттын мындай сөзү парламент менен өкмөттүн мамилесине байланыштуу талкууга да жем таштады.

Былтыр жыл аягында депутаттар ишке киришип жатканда президент Садыр Жапаров ушул темага токтолгон.

“Комитет, фракция жыйындарына ар дайым эле “министрлер өзү келсин” деген талапты коюп, чакыра бербешиңиздерди өтүнөр элем. Мен дагы эки жолу депутат болгом. Эмне үчүн атайылап министрдин өзүн чакырасыздар, билем. Аны бул трибунадан айтпай эле коёюн”, - деген президент.

Коомчулукта Жогорку Кеңештин көз карандысыздыгына байланыштуу сын көп. Талдоочулар Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп турган кезде депутаттар коркутууга кабылып, мандатынан ажырап, кылмыш иши козголгон учурлар болгонун, парламент буга туруштук бере албай, басым алдында калганын белгилешет.

Юрист Айдин Бакытбек уулу парламенттин таасиринин азайышында мурда вице-спикер болгон Нурбек Сыдыгалиевдин да жоопкерчилиги бар деген пикирде:

Айдин Бакытбек уулу
Айдин Бакытбек уулу

“Негизи эле бийликтин тең салмактуулугундагы табият ушундай – өкмөт парламентке баш ийгиси келбейт. Депутаттарды кетирди деп Ташиевди күнөөлөп жатышпайбы. Ошол учурда Ташиев парламент менен эсептешпей турганда ким вице-спикер эле? Ким ага парламенттин аброюн түшүрүшүнө жол берди? Спикер менен вице-спикерлер. Ошол жагынан алганда парламенттин азыркы абалга келишинде Сыдыгалиевдин жоопкерчилиги көбүрөөк. Акыйкаттык үчүн айтып коюш керек, Ташиев канчалык эбегейсиз бийликке ээ болсо да парламент институтун кандайдыр бир деңгээлде сыйлап, олуттуу маселелерде депутаттарга келип отчет берип, макулдугун алчу. Ташиев Сыдыгалиевдин ордунда вице-спикер болсо парламенттин аброюн мынчалык түшүрүүгө жол бермек эмес”.

2020-жылы Кыргызстандагы башкаруу толугу менен президентке ооп, парламенттин ыйгарым укуктары азайган. Мурда өкмөттү отставкага кетирип же айрым министрлерди кызматтан алууга кудуреттүү болгон депутаттарда азыр андай мүмкүнчүлүк жок.

Бирок уюшумдуу болуп, аткаруу бийлигине таасир көрсөтүүгө дале укук бар экенин эскерткендер бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев мындай пикирин ортого салды:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Депутат туура айтып жатат, министрлерди, жетекчилерди бир киши кызматка алган. Бирок аларга парламент макулдук берген. Ошондуктан муну айтууда депутат эске алышы керек. Ошол маалда принципиалдуу болуп, бул бийиктен карап, парламентти урматтабайт деп чыкканга укугуңар бар. Ага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, президентке сунуш берсе болот. Аны коркутуп, бирок коридордо кучакташып, шайлоочулардын упайын алуу аракети болуп калышы мүмкүн да. Депутат кезде сындасак, сунуш берели, кызматтан бошотолу деп дайым айтчумун”.

Быйыл февралда Камчыбек Ташиев беш жылдан ашык кызматта турган УКМКнын төрагалыгынан кеткен. Буга бийликтин дарегине шайлоону мөөнөтүнөн эрте өткөрүү боюнча 75 кишинин кат жолдогону негиз болгон. Кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, парламенттен спикер баш болгон бир нече депутат кеткен. Кийин Ташиев баштаган сегиз киши сот жообуна тартылды. Айыпталуучулар бул иште күнөөсү жок экенин кайталап келет.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Шерине

XS
SM
MD
LG