25-сентябрга караган түндө Орусия Украинага дрон жана ракеталар менен жапырт чабуул жасады. Бутага Киев шаары, облусу жана ошондой эле Одесса аймагы алынган.
Украинанын борборунда дрон көп кабаттуу үйгө тийип, 7-10-кабаттарда өрт чыкканын шаар мэри Виталий Кличко Телеграм каналына жазды. Дагы бир дрон 25 кабаттуу үйдүн 4-кабатына тийген. Соккудан Киевде 14 жаштагы өспүрүм мерт кеткен. Жалпы 17 адам түрдүү жараат алган.
Шевченков районунда сокку Соттор кеңешинин имаратына тийгени кабарланды.
Киев облусунда үч районго чабуул жасалганын Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы кабарлады. Жер үйлөр, кампа, жыгач иштетүүчү ишкана зыянга учурады.
Орусиялык аскерлер ошондой эле Одессага да чабуул коюшту. Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы билдиргендей, жер үй жана почта имараты жабыркап, эки адам мерт кетти.
Запорожьеде соккудан улам 25-сентябрдын таңында медициналык борбор өрттөнүп, бир адам жараат алган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киев облусунда дрон кампасы жок кылынганын, ал эми Одессада эки логистикалык борбор, Рени порту жарылганын билдирди.
Украинанын Абадан коргонуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия 295 дрон менен сокку урган, анын 267си жок кылынган.
Маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Шерине