Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Чүйдө электр тармагынын эки кызматкери пара алууга шектелүүдө

Сүрөт УКМКдан алынды. 23-октябрь, 2026-жыл.
Сүрөт УКМКдан алынды. 23-октябрь, 2026-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй электр тармактары ишканасынын кызмат адамдары уюштурган коррупциялык схема аныкталганын 23-октябрда кабарлады.

Маалыматка караганда, ишкананын башчысынын орун басары С.Ж.Ж. жана инспектору С.А.С. пара алууга шектелүүдө (Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү).

Атайын кызматтын маалыматына караганда, эки кызматкер электр энергиясын эсептегичтен өткөрбөй пайдаланган абоненттен бир жыл бою акча алып турган деп шектелүүдө. Алар электр түйүнүнө мыйзамсыз кошулууга жол берип, мамлекетке зыян келтирген деп эсептелүүдө.

Бул аракеттерден мамлекет канча зыян тартканы маалыматта айтылган жок.

Кылмышка шектүүлөр кармалып, иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылып жатканы белгиленди.

Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн азайтпоо жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында 4,1 млрд кВт/саат электр энергиясы импорттолот.

Күз-кыш мезгилинде калк 1483,63 миң тонна, ал эми бюджеттик мекемелер 319,4 миң тонна көмүр керектейт деп эсептелген.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков быйыл кышында электр энергиясын керектөө кескин өскөндө жүктү жеңилдетүү үчүн өчүрүүлөр болорун билдирди. Бул тууралуу ал 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берип, өчүрүүлөр тууралуу жарандарга алдын ала мөөнөттөрү бериле турганын тактады.(КЕ)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG