"Тарыхтан качуу аракети"
Сталиндик репрессиялардын акыркы жылдарында тарыхчы Лев Гумилёв Санкт-Петербургдагы саясий туткундар кармалган, падышалык доордо кызыл кирпичтен курулган түрмөдө отурган. Андан бир нече жыл мурда бул жерде революционер Лев Троцкий камалса, кийинчерээк акын Иосиф Бродский да ушул түрмөгө түшкөн.
Гумилёв 1938-1939-жылдары абакта отурганда анын апасы, белгилүү акын Анна Ахматова, уулун көрүү жана тамак-аш жеткирүү үчүн узун кезектерде үшүп турган. Ахматованын эң белгилүү чыгармаларынын бири болгон «Реквием» поэмасы өзүнүн жана жакындары Сталиндин репрессияларына кабылган миллиондогон адамдардын азабын сүрөттөө менен башталат.
Көп жагынан Анна Ахматованын чыгармаларынын аркасында «Кресты» деп аталган бул тергөө абак комплекси орусиялыктардын жамааттык эс-тутумунда өзгөчө орунду ээлеп келген.
Ошол эле учурда ал Санкт-Петербургдун борборундагы Арсенальная жээгинде жайгашкан баалуу кыймылсыз мүлк болуп саналат.
Бирок ушул айдын башында 2017-жылдан бери бош турган эски комплексти люкс мейманкана, спа-салон жана ресторандар курула турган жайга айландыруу үчүн түрттүрө башташты.
«Крестынын» тагдыры өзгөчө көрүнүш эмес. Орусияда түрмөлөр менен тергөө абактарын саясатчылар менен байланышы бар бизнестин кызыкчылыгы үчүн кымбат кыймылсыз мүлк объекттерине айландыруу учурлары көбөйүүдө.
Федералдык жаза аткаруу кызматына караштуу объекттер барган сайын көбүрөөк жабылып, сатылып жатат.
Мурда Федералдык жаза аткаруу кызматында аналитик, кийинчерээк жабылган «Мемориал» укук коргоо уюмунда иштеген Анна Каретникованын айтымында, мындай өзгөртүүлөр бир нече максатты көздөйт.
Бул өкмөт үчүн кошумча киреше булагы болуп саналат. Ошондой эле чыгымдарды азайтып, жаза аткаруу кызматына айыпкерлерди салыштырмалуу заманбап шарттары бар ири «супер-түрмөлөрдө» кармоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, бул сыяктуу саясат Орусиянын XX кылымдагы татаал тарыхын эскерүү маселесинен качууга жардам берет. Президент Владимир Путин бийликте турган 26 жыл ичинде ал тарых акырындык менен акталып же кайра жазылып келет.
Бул процесстин бир бөлүгү катары тарыхтагы кылмыштарды документтештирүү жана аларды унутта калтырбоо багытында эң көп иш алып барган бейөкмөт уюмдардын бири болгон «Мемориал» да жабылган.
«Мамлекет азыр тарыхый жайларды аларды жок кылуу, бузуу же жоюу керек болгондо гана эстейт. Эмне үчүн аларды сатып жатат? Анткени бул жерден киреше табуу мүмкүнчүлүгүн көрүп жатат», - деди Каретникова «Настоящее Время» телеканалына курган маегинде.
Кафе, ресторандарга айланган түрмөлөр
XIX кылымда Санкт-Петербургда курулган жана бир кезде матростор кармалган дагы бир түрмө - «Бутылка» 2004-жылы Коргоо министрлигинен шаардын карамагына өткөрүлгөн.
Алты жылдан кийин миллиардер Роман Абрамовичке таандык компания объектти өнүктүрүү укугун алып, анын аймагында кафе, ресторандар, сулуулук салону жана балет студиясын ачкан.
Москванын борборунда болсо мурда «Таганка» түрмөсүнүн администрациясы жайгашкан имарат азыр 82 бөлмөлүү бутик-мейманканага айланган. Анда бир түнгө жайгашуунун баасы 70 доллардан башталат.
1804-жылы курулган «Таганка» комплексинде совет дооруна чейин жана анын алгачкы жылдарында саясий туткундар кармалчу. Кийин советтик жетекчи Никита Хрущёв түрмөнүн дээрлик бардык имараттарын бузууга буйрук берип, администрациялык корпус гана сакталып калган.
Долбоорду ишке ашырган Александр Шараповдун айтымында, ал имаратты 2014-жылы 15,2 миллион рублга сатып алып, аны оңдоого 500 миллион рубль жумшаган. Кийин бул жерде түрмөнүн белгилүү мурдагы туткундарына жана Орусиядагы абак маданиятынын тарыхына арналган музей ачылган.
Сибирдеги байыркы Тобольск шаарында да мурдагы абак туристтик объектке айланган. Падышалык доордо курулган чептин ичиндеги тергөө абагында бир кезде сүргүнгө же оор жумушка айдалгандар кармалса, Сталиндин репрессиялары учурунда анын жанында 2500дөн ашуун адам атылган.
Азыр «Узник» деп аталган бул жайда Сибирге сүргүнгө айдалгандардын тарыхына арналган мамлекеттик музей жана 16 орундуу хостел иштейт. Бөлмөлөр атайын түрмө камераларына окшош жасалгаланган. Төрт жана алты кишилик камералардагы эки кабат керебеттерде бир түн өткөрүүнүн баасы 600 рублдан башталат.
Онлайн-пикир жазган коноктордун бири мындай деген:
«Керемет хостел! Атүгүл карцер да бар. Атмосферасы өзгөчө, таза жана ыңгайлуу. Мурдагы түрмө экенине карабастан, жеңил уктадым».
Абактан майданга айдалгандар
Түрмөлөрдү сатуу Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы үчүн чыгымдарды азайтуунун бир жолуна айланды. Буга чейин өлкөдөгү түрмөлөрдө, тергөө абактарында, түзөтүү колонияларында жана эмгек лагерлеринде 465 миңден ашуун адам кармалчу.
Бирок кызматтын башчысы Аркадий Гостевдин айтымында, быйыл май айына карата абактагылардын саны дээрлик 40 пайызга азайып, 282 миң адамга чейин кыскарган. Ал муну кылмыш жазаларынын жумшарышы менен түшүндүргөн.
Ошол эле учурда Гостев көз карандысыз маалымат каражаттары менен укук коргоо уюмдары көптөн бери айтып келген жагдайды кыйыр түрдө ырастаган. Алардын маалыматына ылайык, соттолгондордун Украинадагы согушка жөнөтүлүшү абактагылардын санынын азайышына алып келген.
Мурда Федералдык жаза аткаруу кызматында иштеген Анна Каретникованын айтымында, айрым түрмөлөр жабылып жатканына карабастан, ири тергөө абактарында орун тартыштыгы дагы эле сакталууда.
Анын пикиринде, буга бийликтин шектүүлөр менен айыпталуучуларды тергөө абактарында узак убакыт кармап турушу себеп болууда.
Каретникова мындай практиканын максаты айрым адамдарды Украинадагы согушка барууга көндүрүү болушу мүмкүн деп эсептейт.
«Бардыгын эле дароо фронтко барууга көндүрүү мүмкүн эмес. Бирок адам бир аз убакыт тергөө абагында отуруп, анын кылмыш иши жабылбай турганын же маселе өзүнөн өзү чечилбей турганын түшүнгөндө, өз оюн кайра карап чыгышы мүмкүн», - деген ал.
Материалдын оригиналы бул жерде
Шерине