ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

"Путинди агрессияны токтотууга үндөдүм". Трамп согуш тууралуу үн катты

АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен Ыраазычылык билдирүү күнүнө карата уюштурулган иш-чарада. Флорида. 2026-жылдын 26-ноябры.
АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен Ыраазычылык билдирүү күнүнө карата уюштурулган иш-чарада. Флорида. 2026-жылдын 26-ноябры.

Трамп Путинди Европадагы аскердик агрессияны токтотууга чакырганын билдирди. Ошол эле маалда Вашингтон Европадагы америкалык аскерлердин тагдыры боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн жылдырып, НАТОдогу өнөктөштөр менен жаңы коопсуздук тартибин талкуулап жатат.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путинди Европадагы "бардык аскердик агрессияны токтотууга" чакырганын билдирди. Бул учур Украина боюнча тынчтык келишимине жол ачышы мүмкүн экенин айткан Трамп АКШнын Европадагы аскердик жайгашуусун кайра карап чыгуу планы азырынча жылдырылганын белгиледи.

26-ноябрда Truth Social тармагындагы билдирүүсүндө Трамп жакында Кытайда Путин менен сүйлөшкөнүн жазды.

«Путин Европадагы бардык аймактарга каршы аскердик агрессияны токтотсо деп үндөдүм. Үмүтүм, Орусия менен Украина тез арада келишимге келе алат», - деди ал.

Трамп согушту «накта кандуу кыргын» деп мүнөздөп, ай сайын миңдеген адамдар каза болуп жатканын белгиледи. Бул билдирүү Трамп Путинди буга чейин «менин досум» деп атаганы үчүн сынга кабылганынан бир нече күн өткөндөн кийин жарыяланды.

Кийин журналисттер жана америкалык аскерлер алдында сүйлөгөн сөзүндө Трамп Путинге карата ар башкача көрүнгөн билдирүүлөрүн сүйлөшүү жүргүзүүдөгү прагматикалык ыкма деп түшүндүрдү. Ал ошондой эле НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында Европадагы күчтөрдүн жайгашуусун кеңири талкуулаганын айтты.

«Мен Орусияга карата абдан катаал болдум, бирок келишим түзгүм келет», - деди Трамп. Анын айтымында, Украина президенти Владимир Зеленский менен Путин мунасага келе албай турган шартта жеке мамиленин мааниси чоң.

Трамптан Европада жайгашкан, негизинен Германия, Италия жана Улуу Британиядагы болжол менен 80 миң америкалык аскердин санын кыскартуу планы тууралуу сурашты. Ал мурда европалык өнөктөштөр Иран маселесинде жетиштүү жардам бербегенин, бирок акыркы өзгөрүүлөр көз карашын бир аз өзгөрткөнүн айтты.

Трамп Гренландия маселесиндеги жылыштарды, НАТОнун Иранга байланыштуу аракеттерин, альянстын коргонуу чыгымдарын ИДПнын 5 пайызына чейин көбөйтүү убадасын жана 750 даана F-35 учагын сатып алуу пландарын белгиледи.

Ошол эле учурда АКШнын НАТОдогу өкүлүнүн орун басары Скотт Оудкирк Брюсселдеги жабык жыйында Вашингтон Европадагы америкалык аскерлердин жайгашуусун кайра кароо боюнча баяндаманы жарыялоону 1-декабрга белгиленген мөөнөттөн кийинкиге жылдырганын билдирди.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосуна аты-жөнүн атабоо шарты менен комментарий берген америкалык жогорку кызмат адамдарынын айтымында, Пентагон азыр Европадагы америкалык аскерлердин келечектеги жайгашуусу боюнча беш вариантты даярдап жатат. Ар бир вариант НАТО күчтөрүнүн Европадагы башкы командачысынын пикири эске алынган аскердик талдоо жана корутунду менен коштолот. Бул сунуштар жакын арада Трампка сунушталат.

Ошондой эле чиновниктер акыркы чечим Флоридада өтө турган G20 саммитине чейин жарыяланабы же жокпу, так айта алышкан жок. Трамп буга чейин Путин бул саммитке катышышы мүмкүн экенин билдирген.

Европанын сунуштарын баалоо

НАТОдогу дипломаттардын айтымында, кечигүүнүн негизги себептеринин бири Вашингтондун Европадагы өнөктөштөр сунуштап жаткан мүмкүнчүлүктөрдү дагы эле талдап жатканы менен байланыштуу болууда. Бул мүмкүнчүлүктөр АКШнын учурдагы күчтөрүнүн жана аскердик техникасынын айрым бөлүгүн алмаштырууга жардам бериши мүмкүн.

АКШнын коргоо министринин орун басары Элбридж Колби буга чейин Германия, Польша, Нидерланд жана Скандинавия өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтүүдө олуттуу жылыш көрсөткөнүн белгилеген.

Колби жакында Румыния, Польша жана Германияга барып, АКШнын аскердик түзүмүн кайра уюштурууга даярдык иштерин жүргүзгөн. Вашингтон акыркы жылдары көңүлүн Инд-Тынч океан аймагына жана Батыш жарым шарга көбүрөөк буруп жатат.

Atlantic Council уюмунун Европа борборунун директорунун орун басары Жеймс Батчик бул кечигүү АКШ администрациясынын негизги максатын өзгөртпөй турганын айтты.

«Чечимдин кармалып жатышы Европанын коопсуздук тармагындагы түпкү өзгөрүүлөрдү токтотот деп ойлобойм. Аскердик жайгашуу боюнча сереп НАТОнун жаңы концепциясын ишке ашыруунун практикалык көрүнүшү болуп саналат», - деди ал.

Батчик Трамптын чечим кабыл алуу стили көбүнчө күтүүсүз болгондуктан Европа өлкөлөрү этият болушу керектигин белгиледи. Ал Румыниядан америкалык жөө аскерлер бригадасынын чыгарылышын жана Германиядан Польшага 5 миң аскерди которуу планын мисал келтирди.

Ошол эле учурда АКШнын Иранга байланыштуу операциялары Вашингтонго Европадагы аскердик базалар менен аба мейкиндигин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү али да маанилүү экенин көрсөттү.

НАТОнун чыгыш канатындагы тынчсыздануу

Вашингтон Европанын коопсуздугун колдоону улантарын айтып жатканы менен АКШнын аскерлерин кыскартуу планы НАТОнун чыгыш аймагындагы өлкөлөрдү тынчсыздандырууда.

Hudson институтунун эксперти Ципора Фриддин айтымында, АКШ күчтөрү азайса, Европа алардын ордун баса турган мүмкүнчүлүктөрдү тез арада түзө алабы деген маселе бүгүнкү күндө негизги кооптонууга айланып турат.

«Европадагы америкалык аскерлер жөн гана кошумча күч эмес. Алар АКШнын Европаны коргоого түз катышып жатканын көрсөтүп, НАТОнун коргонуу кепилдиктерине болгон ишенимди бекемдеп турат», - деди ал.

Фрид белгилегендей, Европа өлкөлөрү коргонуу тармагына көбүрөөк каражат бөлүп жатышат. Бирок ал акчаны даярдалган аскерлерге, абадан коргонуу системаларына жана жетиштүү ок-дары коруна айландыруу үчүн бир топ убакыт керек.

Анын айтымында, Орусия НАТОнун биримдигин жана даярдыгын дээрлик күн сайын сыноодо.

«Москва союздаштардын канчалык биримдиктүү жана туруктуу экенин байкап жатат. Ал НАТОну келечектеги убадалары боюнча эмес, азыр кандай күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алары боюнча баалайт», - деди Фрид.

Эксперттин пикиринде, союздаштар аскерлердин жалпы санына гана эмес, чалгындоо, абадан коргонуу, логистика жана кошумча күчтөрдү ыкчам жеткирүү сыяктуу негизги мүмкүнчүлүктөргө да көңүл бурушу керек.

Фриддин айтымында, чечимдин кийинкиге жылдырылышы Вашингтон менен анын өнөктөштөрүнө мүмкүн болгон варианттарды жана алардын кесепеттерин кененирээк талдоого убакыт берет. Ошондой эле Европа коопсуздук жаатындагы кошумча жоопкерчиликти канчалык тез өзүнө ала алары да бааланат.

Бул тема келерки аптада Брюсселде өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынында көтөрүлүшү күтүлүүдө.

​
XS
SM
MD
LG