Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

НАТО түнкү рейдде алты ооганды жок кылды


НАТО башындагы эл аралык күчтөр өткөн түнү Ооганстандын түндүгүндө болгон операция кезинде алты жаранды набыт кылды. Капылет окуя Сари Пул провинциясынын Саяд аймагында өткөрүлгөн рейд учурунда болгонун провинция губернатору Саед Анвар Рахмати 5-апрелде билдирди.
НАТОнун өкүлү Майкл Жонсондун маалымдаганына караганда, коалициянын аскерлери аларга каршы атылган окко жооп кайтарганда ооган жарандары катардан чыккан. Жарандар арасындагы чыгымдар Ооган өкмөтү менен эл аралык күчтөрдүн мамилесин кыйындаткан эң чоң маселе.

XS
SM
MD
LG