Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, бүгүн эртең менен Кыргызстандын тартип коргоо сакчылары Тажикстанга бараткан жүк ташуучу унааны текшерүү үчүн токтотушкан. Ошол маалда жүк ташуучу унаанын ичиндегилер тартип коргоо органдарын Тажикстанга күч колдонуп алып кетүү аракетин көрүшкөн.

Ушул тапта Баткендин Көкташ айылы менен Тажикстандын Сурх айылынын ортосундагы Ош-Исфана жолун эки тараптан тең 200гө чукул адам тосуп турат. Ортону эки өлкөнүн күч структураларынын кызматкерлери бөлүп турганын "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

Чогулгандар менен Баткен районунун акими Хаитали Айкынов жолугуп, бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин белгиледи. Алар Тажикстандын аймагында калган үч жүргүнчүнү бошотуп, чек араны тактап берүүнү талап кылышууда. Учурда Тажикстандын Исфара районунун акими Ашуров Субхомидин келип, эки тараптуу сүйлөшүү жүрүүдө. Бул окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүү сунушу да айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG