Пакистандык өспүрүм жанкечтилердин чабуулуна катышканы үчүн мекендештеринен кечирим сурады. 3-апрелде Пакистандын ортолук бөлүгүндөгү Дера Гази Хан шаарындагы сопулардын саганасында жанткечти жардырган бомбадан 40тан ашуун адам набыт болгон. Белиндеги бомбасын жардырбай калган 14 жаштагы өспүрүм камакка алынган. Ал 9-апрелде ооруканадан берген интервьюда Пакистандын Ооганстанга чектеш аймагында эки ай бою атайын машыгуудан өткөнүн, террорчулардын базасында 350дөн көп бала машыгып жүргөнүн айтты.