Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Турганбаев: Бакиевдер мыйзамсыз жол менен өлкөдөн акча чыгарып турушкан


Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, IT-технология жаатында кылмыш иштин бети ачылганын билдирди. Анын айтымында, ушул эле жылдын 9-апрелинде атайын операциянын натыйжасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдердин жакындарынын арам акчаны адалдоо жолу буулуп, телефон тыңшоого ылайыкташкан бир канча аппараттар алынды.

М.Турганбаев бул кылмыш иши боюнча жалпысынан кармалган алты адамдын экөө “Альфа-Телекомдо” жогорку кызматта иштеп турганын, дагы экөө Өзбекстандын жана Тажикстандындын жараны экенин билдирди. Алар 12 GSM-шлюз технологиясын колдонуу менен акчаларды кымырып, миллиарддаган сом чыгымга учураткан.

Ички иштер министринин орун басары кылмышка шектүү делген эң башкы эки адамды Бишкектеги Биринчи май райондук соту үй камагына чыгарып жибергенин, ИИМ бул брюнча доо арыз менен шаардык сотко кайрылганы жатканын белгиледи. Азыр бул иш боюнча тергеп-иликтөө иштери жүрүп жатат. (EBM, IJz)

XS
SM
MD
LG