Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

“Ар-намыс” Салянованы баш прокурорлукка бекитүүгө макул болду


Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Аида Салянованын баш прокурор кызматына бекитүүгө макулдук берди. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиришинче, жыйында прокуратурадагы кадр маселеси, чуулгандуу кылмыш иштерин иликтөөгө байланыштуу сөз болду. Мурунку баш прокурор Кубатбек Байболовду 31-мартта президент Роза Отунбаева “Мегакомго” байланыштуу иштер бейтарап тергелиши үчүн кызматтан алган. Анын ордуна президенттин парламенттеги өкүлү Салянова баш прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган болчу. Байболов өзүнүн кызматтан кетишин саясий күрөш менен түшүндүргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG