Бул тууралуу аталган акционердик коомунун өкүлдөр тобу ишкананын айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Алар өткөн жылды 255 миллион сом киреше менен аяктаганына карабай, мамлекеттик мүлк фонду ишкананын деректирлер кеңеши менен макулдашпай, бир жылда он ай бою текшерүү жиберип, ишканага улам жаңы деректирди дайындагандыгына нааразы болушту. Коррупциянын жолун бууду деп эсептешкен ишкананын азыркы деректири кызматтан алынчу болсо, “Кыргызнефтегаздын” эмгек жамааты жана Кочкор-Ата шаары менен Ноокен, Базар-Коргон райондорунун тургундары аны коргоп чыгууга убада беришкендигин билдиришти.
Мамлекеттик мүлк фонду ишкананын 85 пайыз акциясына ээ экендиги буга дейре маалымдалып келген. (YA)
Мамлекеттик мүлк фонду ишкананын 85 пайыз акциясына ээ экендиги буга дейре маалымдалып келген. (YA)