Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Жаштарга арналган “Азаттыктын жолунда” долбоору башталуу алдында


Жаштар иштери боюнча министрликтен “Азаттыкка” кабарлашкандай, “Азаттыктын жолунда” деп аталган долбоордун алкагында ар кыл тармактардагы активист жана машыктыруучулардан турган топ Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып чыгышат. 15 кишиден турган бул топ облустардагы мектеп жана жогорку окуу жайлардагы жаштар менен жолугушуп, ишкерчилик, билим алуу багытында ар кыл сабак, семинарларды өтүшөт. Бул иш-чара 18-апрелде башталып үч жумага созулмакчы. Иш-чара өрөөндөрдөгү жаштардын байланышын бекемдөө, аларды потенциалын жогорулатууну максат кылат.

Бул долбоор Талас - Ысык-Көл - Нарын - Чүй жана Баткен - Жалал-Абад - Ош маршруттары боюнча эки багытта ишке ашат. Долбоор Жаштар иштери боюнча министрлик, “Сорос” кору, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана бир катар коомдук уюмдардын колдоосу менен ишке ашып, 10 миңге жакын адамды камтый турганы кабарланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG