Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Тажикстанда электроэнергиясы чектөөлөрсүз берилет


Тажикстанда электроэнергиясын пайдаланууга чектөөлөр алынып салды. Өлкөнүн бардык аймактарына эми электроэнергиясы күнүнө 24 саат берилип турмакчы. "Электроэнергия бүтүн калкка чектөөлөрсүз берилет. Улуттук компания элге сабырдуулугу үчүн ыраазычылыгын билдирет жана электроэнергиясын үнөмдүү пайланууга үндөйт", - деди
Улуттук электроэнергия компаниясынын жетекчиси Нозиржон Йодгори.

Кыш айларында Тажикстанда үнөмдөө максатында электр жарыгы үзүл-кесил берилип жүрөт. Жаз келип, кар эригенде гидроэлектростанцияларында суу толуп, чектөөлөр адатта алынат.

XS
SM
MD
LG