Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Ливия: Каддафинин аскерлери Мисратаны аткылашууда


Козголоңчулардын айтымында, Мисратадагы кечээги атышууларда кеминде 6 киши мерт болду, 47 жаракат алды. Ливиядагы үчүнчү чоң шаар Мисрата акыркы жети айдан бери лидер Муаммар Каддафинин аскерлеринин курчоосунда болгон. Ал жерде жүздөгөн адамдар өлгөнү айтылууда. Козголоңчулар шаардын 300 000 калкын сактап калыш үчүн НАТО чечкиндүү аракеттерге барышы зарыл дешет. Ал эми Ливиянын расмий бийлиги болсо өлкөнү бөлүп-жарууга аракет кылган “Ал-Каида” менен байланыштагы куралчан топтор менен күрөшүп жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG