Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

25-апрелде тоолуу аймактарда жаан-чачын болушу мүмкүн


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 25-апрелде дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок тоолуу аймактарда гана жаан-чачышы болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 4 …9, күндүз 19…24 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу болмокчу.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13 градус жылуу, күндүз 24…26 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG