Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

НАТОнун учактары үстүнөн учкан Триполиде жарылуунун добушу угулууда


Бүгүн түн ортосунан кийин Ливиянын баш калаасында катуу жарылуунун добушу болгондугу кабарланды. АФП маалыматына ылайык, бул аймакта НАТОнун учактары учуп жүрүшөт. Ливиянын үч телеканалы кыска убакытка эфирге чыкпай калды.

Мунун алдында козголоңчулар менен күбөлөр Ливиянын Мисрата шаары дагы деле аткыланып жатканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, Муаммар Каддафинин аскерлери согуштук операцияларын токтотту деген жарыяга карабастан, өкмөттүк күчтөр Мисратанын чет жакаларын аткылоону улантты. Ливиянын батышындагы бул шаар эки айдан бери аткыланып келатат. Ливиянын тышкы иштер министринин орун басары Халед Каим кечээ армия шаардагы согуштук аракеттерин убактылуу токтотуп, жаңжалды жөнгө салууну уруу башчыларына калтырат деп айткан. Козголоңчулар бул сунушту «алдамчылык» деп четке кагышкан. Укук коргоочулардын эсебинде, Мисратада эки айдан берки кагылыштарда аз дегенде бир миң кишинин өмүрү кыйылды. Кечээ ошондой эле Италиянын тышкы иштер министри жакында Ливиянын козголоңчулар көзөмөлдөп турган Бенгази шаарында консулаттын ачылышына бараарын билдирди. Анын аралыгында, америкалык сенатор Жонн МакКейн Кошмо Штаттарын Ливиядагы абадан бомбалоо операцияга көбүрөөк аралашууга чакырып, жаңжал узарып кетсе, Ал-Каида аралаша башташы мүмкүн деп эскертти.

XS
SM
MD
LG