Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Бахрейнден ирандык дипломат тыңчы катары чыгарылмакчы


Бахрейн бийлиги Иран элчилигинин кызматкери Хужаттулла Рахманинин 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды. Өкмөттүк BNA жаңылыктар агенттигинин маалымдашынча, Рахмани жакында Кувейтте бети ачылган Ирандын тыңчылык тобу менен байланышта иштеген.
Кувейт ай башында үч ирандык дипломатты жана элчиликтин кызматкерин тыңчылык кылды деп күнөөлөп, өлкөдөн чыгарып жиберген.
Быйыл жыл башында айрым арап өлкөлөрүндө эл козголгондон бери шийит калктуу Иран менен сунни араптар башындагы Перс булундагы мамлекеттердин алакасы солгундап кеткен.
Март айында Саудия Арабстаны башындагы арап өлкөлөрү шийиттердин козголоңун басуу үчүн Перс булундагы Бахрейнге аскерлерин жайгаштырган. Бул кадам Иран менен арап коңшуларынын арасында кайым айтышууларды жараткан.

XS
SM
MD
LG