Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Кабулда АКШ базасына чабуул жасалды


Баграм базасынын кире беришинде жанкечти жардыруу жасаган жер. 2010-жылдын 19-майы.
Баграм базасынын кире беришинде жанкечти жардыруу жасаган жер. 2010-жылдын 19-майы.

Кечээ Ооганстанда НАТО күчтөрүнүн Кабулдун жанындагы Баграм авиабазасына жоочулар кол салып, уруш учурунда кеминде он куралчан жок кылынган. Бул окуя ооган борборунда жанкечти жасаган жардыруудан чет элдик алты жоокер жана карапайым он эки тургун каза тапкандын эртеси болду.


АКШнын Кабулдан 50 чакырымдай түндүк тарапта жайгашкан башкы аскерий базасына кечээ (19-май күнү) эртең менен жасалган чабуулдун чоо–жайы тууралуу америкалык армиянын басма сөз катчысы, майор Виржиния МакКейб “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Ооган кызматына буларды айтып берди:

- Бүгүн эртең менен Баграмдагы базага ракеталарды, гранаталарды колдонуу менен жасалган чабуул учурунда бир нече козголоңчу жок кылынды. Бизден бир нече киши жаракат алды, бир имарат бир аз жабыр тартты. Бирок биздин коопсуздук күчтөрүбүз ыкчам аракеттенгендиктен, бир дагы козголоңчу чектен өтө алган жок.

Атышуу НАТО тараптан беш чет элдик жоокердин жаракат алуусу менен аяктаган.

Баграмга чабуул оболу козголоңчулардын айрымдары өзүн базанын дарбазасынын сыртында жардырып жибергенден кийин башталган.
Бул чабуул Кабулдун жакшы кайтарылган батыш бөлүгүндө жанкечти НАТО аскерлеринин кербенин бутага алган жардыруудан 12 жөн-жай тургун менен алты чет элдик жоокердин өмүрү кыйылгандын эртеси орун алды.

Ушул дүйшөмбү күнкү (17-майдагы) жоготууну кошкондо, АКШ армиясы Ооганстанда согуш башталгандан бери жоготкон жоокерлердин саны 1000ге жетти.

Кабулдагы акыркы эки чабуул үчүн Талиптер кыймылы өзү жоопкерчилик алды. Талибандын өкүлүнүн ырастоосунда, Баграмдагы чабуулга 20дай жанкечти тартылган.

Буга окшогон кол салуулар, айрым адистердин пикиринде, талиптердин жакында жасаган жарыясынын алгачкы эпкини.

НАТО күчтөрүнүн талиптерди алар таяныч бекет кылып алган Кандагардан тазалоо боюнча быйыл жайга мерчемделип жаткан операциясына жооп кылып, Талибан дагы жайкы өнөктүк баштай тургандыгын жарыялаган.

Талиптик кыймылдын билдирүүсүнө караганда, алар 20-майдан тарта өкмөт өкүлдөрүн, чет элдик дипломаттарды, аскерлерди, контракт менен иштеген кызматчыларды бутага алышмакчы.

Ардагер ооган генералы Нур Ул-Хак Уломинин пикиринде, Талибан азыр НАТОнун Кандагарда күтүлүп жаткан аскердик чараларын утурлай ага өз мамилесин көргөзүүгө аракеттенүүдө.

Алар сокку жегендигине карабай мурдагыдан да кубаттуу экенин, атүгүл кичинекей топтор аркылуу да НАТОнун күчтөрүнө кол салууга жөндөмдүү экенин көргөзүүгө умтулуп жатат”, - дейт ооган генералы.

Кээ бир байкоочулардын болжолунда соңку кол салуулар ооган президенти Хамид Карзайдын козголоңчулардын байистүү топтору жана лидерлери менен элдешүү планына да олуттуу көлөкө түшүрүүсү мүмкүн.

Бул чабуулдар ошондой эле май айынын соңунда оогандардын Лоя Жыргасын, ал эми жай мезгилинде донорлордун ири жыйынын (конференциясын) өткөрүү планын да коркунучка кептөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG