Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Ооганстанга берилчү тышкы жардамдын талашы


Ооган зайыптары Италиянын провинцияны реконструкциялоочу командасынан кышка керектүү буюмдарды күтүп отурушат. Герат шаары. 11-январь 2010
Ооган зайыптары Италиянын провинцияны реконструкциялоочу командасынан кышка керектүү буюмдарды күтүп отурушат. Герат шаары. 11-январь 2010

Ооганстанды кайра курууга НАТОнун атайын командасы кандай салым кошту? Алар мындан ары кандай иштөөгө тийиш?

Ооганстандагы НАТОнун Провинцияларды реконструкциялоо командарынынын иши боюнча эл аралык конференциядан көрүнүш. Прага. 26-январь 2010
Бул суроолор ушу жумада Прагада аяктаган эл аралык эки күндүк жыйында кеңири талкууланды.

Ага НАТОнун, донор өлкөлөрдүн жана бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Ооган өкмөтүнүн мүчөлөрү катышты.

Ооганстанга берилген эл аралык жардамдын 20 проценти гана улуттук өкмөт аркылуу бөлүнөт.



Прагадагы жыйында PRT сындалды

НАТОнун Вилайеттерди (Провинцияларды) кайра куруу (реконструкциялоо) топтору Ооганстандын ар бир дубанында бар. Алар өлкөдө PRT деген ат менен белгилүү.

Аскерлер жана адис-эксперттерден куралган PRTчылар мектеп, оорукана, жол курулушу, дарыгерлерди,мугалимдерди жана жергиликтүү чиновниктерди окутуп-үйрөтүү сыяктуу долбоорлор менен алек.

Прагадагы жыйында БУУнун Ооганстанды өнүктүрүү боюнча кеңешчиси Марк Уард социалдык-экономикалык курулуш иштерин башкарууну жана каражаттарды бөлүштүрүп-сарптоону оогандарга көбүрөөк берүүгө чакырды. 2004-2005-жылдары PRTчылар эми түзүлгөндө көпчүлүк дубандар менен райондордо өкмөттүк бийликтер жок болсо, азыр абал башка, деп түшүндүрдү ал:

- Бул жөнөкөй маселе. PRTлардын көбү алиге чейин оогандар өздөрү бүткөрө алчу жана тез бүткөрүлчү долбоорлор менен
АКШлык PRTнын жолдорду күзөткөн жоокерлери нөөмөттө. Баграм аэробазасынын жаны. 11-январь 2010
иштешет.
Себеби PRTларда каражат жергиликтүү бийликтерден көп болгондуктан, алар калкка түрдүү иштерди жасап берүүдө бийликке камчы салдырбайт.


Ошон үчүн, Уорддун пикиринче, оогандар өз көйгөйлөрү боюнча жергиликтүү бийликтерге
Ооганстан. Чаман-Озори жолунун ачылыш салтанаты. 27-январь 2010
кайрылганга мүмкүндүк берүү зарыл.

Маанисиз долбоорлор керекпи?

НАТОнун өкүлдөрүнүн айтымында, алар өкмөт алсыз аймактарга жардам көрсөтүү менен стабилдүүлүккө салым кошушат.

Бирок, НАТОнун оперативдүү иштер боюнча башчысы Николас Уиллямс өткөн бир жарым жылдагы изилдөө маанисиз жергиликтүү долбоорлор тынчтыкка салым кошпогунун көрсөткөнүн айтты:

- PRTлар дагы өнүгүүсү керек. Алар козголоңчуларды жеңүүдө азркыдан активдүү болушу зарыл. Ошол эле учурда Ооган өкмөтү колунан келсе, толук жоопкерчиликти өзүнө алышы шарт.

Эл аралык жардамдашуу агенттиктери жергиликтүү ооган бийликтерин чыңдоону жана алардын жоопкерчилигин кеңейтүү идеясын колдошту. Ошол эле учурда бул иштерге чет элдик аскерлерди ашыкча аралаштыруу элди чочутатаарын эскертишти.

Учурда Ооганстанга берилген эл аралык жардамдын 20 проценти же бештен бири гана улуттук өкмөт аркылуу бөлүнөт.

Каржы (финансы) министрлиги тышкы жардамдын 50 пайызы Ооган өкмөтү аркылуу өтүп, башкарылуусун каалайт.

Ооган аткарминерлери арасындагы коррупцияга малынгандык (жемсөөлүк) жыйын катышуучулары үчүн жабык тема болду.

Бир гана Британиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хью Пауэлл Гелманд дубанындагы тажрыйбасына таянып, маанилүү чиновниктер бенаама же коррупционер болсо, ар кандай жакшы демилге таш кабаарын баса белгиледи.

Андыктан, Паулдин оюнча, дубандык бийликтеги чечүүчү орундарга коюлчу адам адегенде тышкы текшерүүдөн кылдат өткөрүлүшү зарыл.

XS
SM
MD
LG