Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Беларустун аракети Польшанын ачуусун келтирди


Беларустун Гродно шаарында камактагы поляк активисттерине тилектештик көргөзгөн жыйындар өтүп жатат.
Беларустун Гродно шаарында камактагы поляк активисттерине тилектештик көргөзгөн жыйындар өтүп жатат.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери 22-февралда Беларус боюнча шашылыш талкуу өткөргөнү жатат. Өлкөдөгү поляк азчылыгынын активисттерине каршы куугунтуктун уланып жатышына кыжырданган Варшава Минскиге ал шаркеттин деңгээлинде жазаланарын эскертти.

Соңку окуя эми Беларустун Евробиримдик менен жылым тарта түшкөн мамилесине доо кетириши да мүмкүн.

Поляктар Беларустун 9,7 миллион тургунунун 4 пайыздайын түзөт же 400 миңдин тегерегинде. Алардын башын Беларустун поляктар союзу деген уюм бириктирип турат. Бирок ал жердеги поляктардын тилин, маданиятын колдоону көздөгөн бул саясий эмес бирикмеге карата Варшава менен Минсктин мамилеси эки башка.

Поляк өкмөтү Беларустун поляктар союзун этникалык поляктардын мыйзамдуу жалгыз бирикмеси деп эсептейт. Беларус өкмөтү 2005-жылы ушундай эле аталыш менен поляктардын өзүнө жан тарткан башка уюмун каттоодон өткөргөн болчу. Президент Александр Лукашенко анда Беларустун поляктар союзун өлкөнү дестабилдештирүүнү көздөп жатканы үчүн айыптаган эле. Демек беларус бийлиги менен поляк азчылыгынын саясий жактан активдүү өкүлдөрү ортосундагы жаңжал жаңы эмес.

Бул ирээт Польшанын нааразылыгы Минск поляк активисттеринин бир нечесин камакка алып, алардын топторун кеңселеринен кууп чыккандан кийин тутанып олтурат. Польшанын жетекчилиги беларус бийликтеринин мындай аракетин айыптады. Өлкө парламенти - Сейм 17-февралда кабыл алган резолюцияда “Беларустун поляктар союзуна жана бул уюмдун ишмерлерине каршы репрессиялардын жаңы толкунуна байланыштуу Сейм Беларуска карата санкциялар саясатына кайтуу маселесин карап көрүүнү зарыл деп эсептейт” деп айтылган.

Европарламент төрагасы Ежи Бузек жана беларус оппозициясынын лидери Александр МИлинкевич Варшавадагы пресс-конференцияда.
Беларус поляктарынын айланасындагы окуяларга Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Кэтрин Эштон да терең тынчыздануусун билдирди. Ал эми Европарламенттин төрагасы Ежи Бузек кырдаалды Варшавада беларус оппозициясынын лидери Александр Милинкевич менен талкуулады.

Беларус бийликтери поляк азчылыгынын мисалында адам укуктарын бузуп жатканын белгилеген Европарламент төрагасы өлкөгө каршы каржылык жана визалык санкциялар киргизилүүсү мүмкүн экенин жокко чыгарбады.

Өз кезегинде поляк президенти Лех Качинский кесиптеши Александр Лукашенкого кат жолдоп, поляк азчылыгынын айланасындагы кырдаалды жөнгө салууга кийлигишүүсүн өтүндү.

Европа саясатын иликтөө боюнча Брюсселдеги борбордун аналитиги Пётр Качинскийдин көз карашында, Беларус көз карандысыз поляк активисттерине карата саясатын өзгөртүүсүнө жетишүү үчүн Варшава али көшөгө артындагы аракетин улантууда:

- Мен жаңылыктардан бир тараптуу эмес, эки тараптуу көчөнү байкап жатам. Поляк өкмөтү бир жагынан, эгер ушул жараян улана берсе эмне эмне болорун айтып жатат. Бирок ошол эле учурда эшикти ачык таштап, президент Лукашенкону саясатын өзгөртүүгө, жаңылыштык кетсе оңдоого, Евробиримдик менен Беларус бири-бирине жакындагандай жыйынтык алып келүүчү багытка кайтууга чакырууда.


Аналитиктер ошондой эле соңку эки жылдан бери Евробиримдик менен мамилеси жылым тартып, атүгүл өткөн жазда шаркеттин Чыгыш өнөктөштүгү программасына кошулган Беларустун эми оңолгон алакага доо кетирчүдөй ишке барышынын жүйөөсү түшүнүксүз экендигин да айтышууда. Минскилик саясий талдоочу Уладзимир Мацкевичтин көз-карашында, бул беларус режиминин өз ичиндеги күрөштүн натыйжасы болушу мүмкүн:

- Польша менен мамиленин начарлоосу азыр Лукашенконун режиминин кызыкчылыгында эмес. Эгер биз режимди өзүн рационалдуу алып жүрүүсү талап кылынган, ынтымактуу, монолит уюм катары карасак Польша менен жаңжалга эч бир түшүндүрмө таба албайсың. Анткен менен эгер режимдин өз ичиндеги күчтөр арасында чатак бар деп эсептесек, түшүндүрмө дароо эле табылат.

Талдоочу Уладзимир Мацкевич кошумчалагандай, орусиячыл же польшачыл күчтөр Минскте үстөмдүккө жетишүү үчүн такай эле атаандашып жүрүшөт. Ал эми европалык дипломаттардын айтымында, шаркеттин Минсктеги өкүлдөрү поляк азчылыгын кодулоого уруксатты президент Александр Лукашенко өзү берген деген ишенимде. Балким ал Европа менен мамилени нормалдаштыргыдай иштер буга чейин эле жетиштүү өлчөмдө жасалып калды деген тыянакка келген.

Бул аралыкта кечээ Беларустун батышындагы Гродно шаарында 100дөй адам камалган поляк активисттерине тилектештик билдирген демонстрация өткөрүштү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG