Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Кытайга газ, Россияга кредит керек!!!


Кытай-Россия аскерий кызматташууну да өнүктүрүүдө. Россиялык жана кытайлык аскерлердин Түндүк Чыгыш Кытайдагы анти-террордук машыгуусу. 23-июль 2009-ж.
Кытай-Россия аскерий кызматташууну да өнүктүрүүдө. Россиялык жана кытайлык аскерлердин Түндүк Чыгыш Кытайдагы анти-террордук машыгуусу. 23-июль 2009-ж.

Премьер-министр Владимир Путиндин Бээжиндеги сапары Россия-Кытай ортосундагы соода-экономикалык байланышты дагы бекемдеди.

Эки тарап 3,5 миллиард долларлык келишимдерге кол коюшту, Россия Кытайды газ менен камсыздоого макулдук берди. Жаңы келишим Кытайдын финансылык үстөмдүгүн дагы күчөтүп, экономикасы быйыл 8 процентке төмөндөшү болжолдонгон Россиянын
Кытайдын премьер-министри Вэн Цзябао жана Россиянын премьер-министри Владимир Путиндин Бээжиндеги сүйлөшүүсү. 13-октябрь 2009-ж.

Путиндин Бээжиндеги сапары Россия-Кытай соодасы оор абалда турган кезге туш келди.

кыйынчылыктан чыгуусун жеңилдетет.

Россия-Кытай ортосунда 3,5 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлганы менен, премьер-министр Путиндин сапары башкы максатына жетпеди: Кытайга газ сатуу боюнча көп миллиард долларлык келишим түзүлбөй калды.

Өткөн аптада Кремль Путиндин сапары маалында 5,5 миллиард долларлык келишимдерге, анын ичинде Сибирден Кытайга газ сатуу боюнча келишимге кол коюларын билдирген.

Жыл башында Россия менен Кытай менен түзгөн 25 миллиард долларлык келишим боюнча, Россия алган карызын көгүлтүр отун менен кайтаргандыктан, ал “кредит ордуна газ” келишими деп аталган. 20 жылдык бул кредиттин кайтарым акысы да төмөн.

Сибир газын Кытайга сатуу тууралуу эки үч жылдан бери сөз жүрүп, бирок талаптар бир пикирге келе алышпай жүрөт. Өкмөттүк “Газпром” компаниясынын башчысы Алексей Миллер шейшемби күнү билдиргенге караганда, Бээжинде жетишилген макулдашуу боюнча Россиядан Кытайга газ жөнөтүүнүн Чыгыш жана Батыш варианты каралган.

Мунайдын эларалык базардагы наркы жана Россиянын ички дүң жыйымынын өсүү графиги. 16-сентябрь 2009-ж.
Газ келишимине кол коюлбай калганы менен эки жак азыр бири-бирине аябай муктаж. Россиядан Европага газ сатуу азайгандыктан, Москвага Чыгыш Сибирдеги Ковыкта газ кенин өздөштүрүүгө кошумча акча керек. Ковыкта тез ишке кирсе, анын газы Кытайга сатылып, казынадагы бош орундарды толтурууга мүмкүндүк бермек. Анын үстүнө быйыл Россиянын ички дүң жыйымы күтүлгөндөй жети процентке
Кытайга мунай-газ жетпей жатканына карабай, унаа бөлөгөн истен Гонконгдо эркин дем алуу кыйын. 7-октябрь 2009-ж.
эмес, сегиз процентке кыскарат.

Ал эми Кытайга 8 проценттик экономикалык өсүүсүн камсыздоого ишенимдүү отун булагы керек болгондуктан, анын Сибир газынан үмүтү чоң.

Шейшемби күнү Бээжинде кол коюлган 3,5 миллиард долларлык келишимдин алкагында Россиянын “Внешэкономбанкы” Кытайдын Мамбанкынан 500 миллион доллар, “Внешторгбанкы” - ВТБ Кытайдын Айыл чарба банкынан 500 миллион доллар карыз алат. ВТБ акчаны Кытай импортун жапканга жумшоого тийиш. Россия кредитти темир кенин иштетүүгө, айнек, кирпич, цемен заводдорун курууга жана башка теңорток долбоорлор үчүн пайдаланылмакчы.

Путиндин Бээжиндеги сапары Россия-Кытай соодасы оор абалда турган кезге туш келди. Былтыр өз ара соода 39 процентке өсүп, 56 миллиард долларга чыккан. Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында сооданын көлөмү 36 процентке, анын ичинде Кытайдын экспорту дээрлик эки эсеге азайып, 10.2 миллиард доллар болуп калган.

XS
SM
MD
LG