Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Дүйнө тарсалары Пасханы майрамдашууда


Грузиянын ортодокс христиандары Пасханы майрамдашууда. Тбилиси. Сиони чиркөөсү. 2010-жылдын 4-апрели.
Грузиянын ортодокс христиандары Пасханы майрамдашууда. Тбилиси. Сиони чиркөөсү. 2010-жылдын 4-апрели.

Дүйнө христиандары 4-апрелде Пасханы белгилешүүдө. Тарсалар бул күнү Иса машайык үч күн мүрзөдө жаткандан кийин кайра тирилген деп ишенишет.

Пасханы же Иса машайыктын(Иисус Христос) кайра тирилүүсүн майрамдоо биздин замандын 30 жылдарынан бери калаткан салт. Быйыл протестанттар, католиктер жана ортодокстор Пасханы бир күндө майрамдашууда. Бул тарсалар арасында жакшы жышаан деп эсептелет. Батыш жана Чыгыш чиркөөлөрүндө колдонулган түрдүү календардын негизинде Пасха ар эки же үч жылда бир күнгө туш келип калат.

Көпчүлүк динзарлар үчүн Пасха жүрөктөгү эски дартты даарылап, элдешчү күн.

Сербиялык тарсалар Пасхага жумуртка бойошот.

Ибадатка Россия президенти Дмитрий Медведев жана премьер-министр Владимир Путин катышты. Медведев өз куттуктоосунда протестанттар, католиктер жана ортодокстордун Пасханы бир күндө майрамдаганы символикалуу экенин айтып, алардын өз ара кызматташуусу этникалык жана диний аралык түшүнүүчүлүккө салым кошот деди. Путин “улуттук салттардын кайра жаралашына жана коомду бириктирүүдө” Орус православ чиркөөсү чоң роль ойноп жатканын баса белгиледи.

Жакартадагы адеми мейманкананын ашпоздору Пасхага коен-шоколадды камдашууда. Индонезия дүйнөдөгү эң чоң мусулман калктуу мамлекет. Өлкө калкынын 80 проценттен көбү мусулмандар.

Өткөн түнү Москванын Иса куткаруучу чиркөөсүндө өткөн зыяпатты Орус ортодокс чиркөөсүнүн башчысы Патриарх Кирилл жетектеди.

Быйылкы Пасха алдында Россияда бир катар кандуу калабалар болду. Апта башында Москва метросунда эки жанкечти жардырган бомба 40 адамдын өмүрүн алды. Андан көп өтпөй Дагестанда эки жанкечтинын бомба чабуулун 12 киши набыт болду. Пасха күнү Дагестанда темир жолдогу жардыруудан жүк тартып бараткан 7 поезд коңторулуп калды.

Кошмо Штаттарда президент Барак Обама Пасхага байланыштуу кайрылуусунда бардык диндеги адамдарды “гуманизм духунда” биригүүгө чакырды.

Ватикандын Ыйык Петр чиркөөсүндө диний майрам түшкү 12де Папа Бенедикт XVIнын салт болуп калган “Шаарга жана дүйнөгө” деген кайрылуусу менен башталды. Рим Папасы Бенедикт XVI Пасхага байланыштуу кайрылуусунда Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы жана Пакистандагы зобун-зордуктарды айыптап, Гаитидеги жана Чилидеги зилзалада жабыркаган адамдарга көңүл айтты. Бирок педофил-диниятчылардын чатагына байланыштуу нааразылыктар тууралуу ооз ачпады.

Рим католик чиркөөсү акыркы мезгилде диниятчылар катышкан сексуалдык чатактардан айрыла албай жүрөт. Марттын аягында ирландиялык баланы жыныстык катнашка азгырган католик диниятчыга байланыштуу Папа кечирм сурап кат жазганы менен окуяга Ватикан баасын бере элек. Римге зыяратка келген колумбиялык Глория Арлиц береги окуя Католик чиркөөсүн шерменде кылды дейт:

- Чиркөөгө көп сындар айтылууда. Балдарды сексуалдык жактан бузууга чиркөө башчылардын көпчүлүгү аралашкандыктан Папа өз пикирин айтыш керек. Ал чара көрүшү керек же жок дегенде жоопкерчиликти өзүнө алып, мындай иштер кайталанбайт деп айтышы зарыл. Чиркөө адамдардын укугун сыйлоосу шарт.

Папа Бенедиктин өзү да Мюнхенде архиепископ болуп жүргөндө балдарды бузган деп шектелген диниятчыга каршы чара көрбөдү деп күнөөлөнүүдө. Мындай айыптоону Ватикан жалган жалаа деп калпка чыгарууда. Ватикандын көрүнүктүү кардиналдарынын бири Анжело Содано чиркөө балдарды сексуалдык жактан бузууда деген күбүр-шыбыр кептерге Ыйык Папа жана динзарлар арлашпасын билдирди. Бирок айрым диниятчылар Католик чиркөөсү кризистик жагдайда маселени ачык талкуулоого тийиш деп санашат.

XS
SM
MD
LG