Япониянын тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси ырастагандай, Токио Пхеняндын атомдук программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл деп эсептейт. Бу процесс мындан бир нече ай мурда кайрадан туюкка кептелген эле. Ушул жуманын этегинде эки Кореянын, АКШ менен Кытайдын, Япониянын жана Россиянын өкүлдөрү Москвада жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жандантуу аракетин жасаганы жатышат.
Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Токиого келер алдында басма сөздөрдө Пхенян стратегиялык ракетасын сынаганы жатканы тууралуу каңшаар кабарлар таралган эле. Дүйшөмбү күнү Түндүк Корея аларды бышыктады. Болгону муну “космосту өздөштүрүү” багытындагы “суверендүү программа” деп атады.
Клинтон буга байланыштуу президент Обама кызматка киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө буга чейин тил табыша албай келген өлкөлөр АКШга муштум кесегенин коюшса, Вашингтон алар менен сүйлөшүүлөргө даяр деп айткан сөзүн эске салды. Бирок бул үчүн “Түндүк Корея алты тараптуу сүйлөшүүлөр рамкасында кызматташууга тийиш, өзүнүн тукурукчул сөздөрүн жана аракеттерин токтотушу керек”. Буга кошо Клинтон “болжолдонуп жаткан ракета сынагы эки тараптын мамилелерин жакшыртууга эч кандай көмөкчү боло албай турганын” эскертти.
Финансылык кризис темасына кайрылып, мамкатчы көптөгөн башка элдердей эле япондуктар да кыйын-кыстоо кезеңге туш болгонун белгилеп, бирок эки өлкө биргелешип, абалдан чыгуунун жолдорун таба турганына ишендирди. АКШ менен Япониянын союздаштыгын мамкатчы “ашкере маанидеги” маселе деп атады.
“Мамлекеттик катчы катары чет өлкөлүк биринчи визитиңиз үчүн биздин өлкөнү тандап алганыңыз АКШ менен Япониянын союздаштыгын сиздердин өкмөт өтө маанилүү орунга койорун көрсөтүп турат, биз муну куттуктайбыз жана жогору баалайбыз”,-деп билдирди өз кезегинде япон тышкы иштер министри Хирофуми Накасоне.
Японияны ушу тапта экономикалык оор кризис менен бирге саясий кризис да каптады. Премьер-министр Таро Асонун калк арасындагы популярдуулугу кескин төмөндөп кетти, финансы министри кызматтан кеткенге аргасыз болду. Экономиканын эңсеси катып, улам эңкейиштеп баратат. Өкмөт мүчөлөрүнүн бири азыркы кырдаалды дүйнөлүк экинчи согуш бүткөндөгү абалга салыштырды.
Хиллари Клинтон Токиодо оппозициядагы демократиялык партиянын лидери Итиро Одзаво менен да жолугушту. Одзаво быйыл жыл этегиндеги жалпы элдик шайлоодон кийин өкмөттү жетектеп калышы мүмкүн дешет.
Клинтон өз сапарын Токиодон соң Жакартада улантат, андан соң Сэулда,акырында Пекинде болот.