Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Хорватиядагы шайлоодо саясатчыны композитор жеңеби?


Ховатия. Ордолуу шаар Загребдин тургуну добуш берүүдө. 10-январь 2010
Ховатия. Ордолуу шаар Загребдин тургуну добуш берүүдө. 10-январь 2010

Шайлоо алдындагы сурамжылоолорго караганда, көпчүлүк эл оппозициядагы Социал-демократтык партиянын талапкери Иво Йосипович үчүн добуш берет. Ал 27-декабрда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында 11 талапкерден көп добуш алып, алдыга озуп чыккан

Саясатчыларга шайлоо, элге жумуш керек

Иво Йосипович бирок биринчи айлампада тиешелүү добуш топтой албады. Анын атаандашы- өлкө байтакты Загребдин эч бир партияда жок мэри Милан Бандич болууда.

Хорватияда жумушсуздук 16 процентти түзөт.



Президенттикке талапкерлер Иво Йоиспович(солдо) жана Милан Бандич(оңдо).
Хорватияда президенттин саясатка көп таасири жок. Бирок да болочок президент өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүүгө жана экономикалык кризиске каршы күрөшкө жалпы жетекчилик кылууга милдеттүү.

Жумушсуздук хорватиялыктар үчүн чоң көйгөй. Загребдин көчөлөрүнүн биринде жашылча-жемиш саткан Стеф Загореч карапайым элди жумушсуздук аябай кыжаалтка салганын "Ройтерс" агенттигине айткан:

- Жумуш керек. Бизге жумуш берчү жана жашоо үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берчү адам керек. Бул биз үчүн маанилүү нерсе. Ар кандай чоң сөздөр мага окшогон майда кишилерге жарашпайт.

2009-жылы Ховатиянын ички дүң продукциясы 6 процентке кыскарат деп күтүлүүдө. Быйыл экономикада өсүү болору күмөн, жумушсуздук 16 процентти түзөт.

Саясатчыларды ыйманга чакырган президентке талапкер

Йосипович жана Бандич шайлоо өнөктүгү учурунда президенттикке шайланып калышса, келерки беш жылда Хорватия Евробиримдикке мүчө болот, жемсөөлүккө каршы чечкиндүү күрөшөбүз, экономикалык өсүүнү тездетебиз дешкен. Коррупция Хорватиянын эң чоң кесели саналат.

Профессор-юрист жана композитор, сөзгө чоркок Йосипович шайлоо алдында саясатты адеп-ахлактык нормаларга ылайык жүргүзүү зарылдыгына жана сот алдында бардык жарандар жооптуу экенине өзгөчө көңүл бурду.

Загребтин мэри, сөзмөр Бандич өзүн жөнөкөй адамдардын таламын коргоочу дегени менен, аны каршылаштары жемсөөлүккө катыштыгы бар деп күнөөлөп жүрүшөт. Ал Социал-демократтык партиясына узак жылдар мүчө болгону менен президенттик шайлоого катышарын жарыя кылар замат, партиядан айдалган. Ошон үчүн элди партия үчүн эмес, адам үчүн добуш бергенге үгүттөдү. Анын башкаруучу консервативдүү Хорватия демократтык союзунун жактоочуларын өз тарабына тартуу аракети оңунан чыкпады. Анткен менен Хорватиянын католик чиркөөсү Бандичти колдоодо.

Шайлоонун жеңүүчүсү беш жыл президенттик кылган Стипе Месичтин ордун ээлейт.

XS
SM
MD
LG