Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Ирландиянын «ообасы», ЕБнын “баш ооруусу”


Лиссабон келишимине 2007-жылдын 17-декабрында ЕБнын Лиссабондогу саммитинде кол коюлгандан кийинки сүрөткө түшүү салтанаты.
Лиссабон келишимине 2007-жылдын 17-декабрында ЕБнын Лиссабондогу саммитинде кол коюлгандан кийинки сүрөткө түшүү салтанаты.

Ирландиялыктар Лиссабон келишимин колдогонун ЕБ негизинен жылуу кабыл алды. Бул бирок акыркы беш жылда эки ирет кеңейген Биримдикти реформалоону тездетет дегенди билдирбейт.

Ирландиялык шайлоочулар Лиссабон келишимин жактаганы менен Евробиримдик-ЕБ саясый туңгуюктан чыга элек. Себеби Чехия

Сыягы Исландия менен Хорватия Евробиримдикке 2011-жылы, калган Балкан өлкөлөрү кийинки эки жылда кошулат.
П. Касжински

менен Польша келишимди беките элек. Ошон үчүн Франциянын таасирлүү гезиттеринин бири “La Croix”(Ла Круа) дүйшөмбү күнкү санында “ирландиялыктар “ооба” дешкенден кийин да Лиссабон келишимине коркунуч бар” деп эскертти.

Польшанын президенти Лех Качински бир -эки күндө парламенттин чечимине кол коют деп күтүлүүдө. Бирок Чехиянын президенти Васлав Клаус убакытты созчудай болуп турат. Клаус 3-октябрда Ирландиядагы референдумдун оң жыйынтыгын уккандан кийин
Чех республикасынын президенти Васлав Клаус(оңдо) жана өлкөнүн убактылуу премьер-министри Ян Фишер.
күрөшүнөн натыйжа чыкпаганын мойнуна алды:

-Баарыбызга маалым, эгер Ирландиядагы референдум башкача аяктаса, 3, 4, 5, 59 - референдум өткөрүлүп, акыр аягында оң натыйжа болмок. Сиздер да мен сыңары мунун натуура экенин сезип жатасыздар. Дүйнөдө жана Европада мындай болбоо керек.

Былтыркы референдумда ирландиялык шайлоочулар Лиссабон келишимин колдобой койгон.

Президент Клаустун сөзүнчө, Чехиянын Конституциялык соту Лиссабон келишими боюнча өз бүтүмүн айтмайын, аны бекитпейт. Өткөн айда 17 чех сенатору береги келишим Чехиянын баш мыйзамына каршы келбесин тактап берүүнү сурап, Конституциялык Сотко кат жолдогон .

Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Швеция Жаңы жылга чейин Лиссабон келишими ишке кирет деген үмүттө. (Декабрда Швециянын ЕБдагы жарым жылдык төрагалыгы аяктайт). Бул жөнүндө премьер-министр Фредрик Рейнфелдт жекшемби күнү билдирди:
Швециянын премьер-министри, ЕБнын учурдагы төрагасы Фредрик Рейнфелдт.


-Биз ишти алгалатуу үчүн бар аракетибизди жасайбыз. Биз Еврокеңештин саммитинде жаңы Конституцияга, жаңы келишимге Швециянын төрагалыгы бүткөнчө жетишбиз дегенбиз. Биз, албетте, ошого умтулабыз.

Ф. Рейнфелдт жана Еврокомиссиянын төрагасы Жосе Мануэл Барросу шаршемби күнү Брюсселде Чехиянын өкмөт башчсы Ян Фишер менен кездешет. Алар “Лиссабон келишимине жараша Биримдикте түзүлчү кызмат орундарына даражалуу жетекчилерди уюмдун октябрдын аягында болчу саммитине чейин дайындоо керекпи же декабрга чейин күтө туруу зарылбы?” деген суроону талкуулашат.

Лиссабон келишими боюнча, ЕБ жаңы президентин 2, 5 жылдык мөөнөткө шайлайт. Азырынча Британиянын мурдакы премьери Тони Блэр Биримдикке президент болууга кызыкдар экенин билдирди. Британия Евробиримдиктин акча мейкиндигине жана визасыз каттамга жол ачкан Шенген келишимине кошулган эмес. Бул жана Блэрдин Ирак согушун колдогону-ага минус болоору айтылууда.

ЕБдеги жаңы жетекчи орундар блокко кирген региондорду, чоң жана кичине өлкөлөрдүн кызыкчылыгын, ошондой эле саясый идеологиясын эске алышы абзел.

Лиссабон келишими энергия, коомдук тейлөө, жаратылышты коргоо, айыл чарбасы жана космос тармагындагы бийликти Биримдикке ыйгарат. Ал эми тышкы саясат, коргоо маселеси, бюджет же салык саясаты ар бир өлкөнүн ыктыярында болот.

Лисабон келишимине Ирландиянын кошулуусу Биримдикке Балкан өлкөлөрүнүн өтүүсүнө жол ачат деп боолгошот кээ бир талдоочулар.

Алардын бири Пиотр Масей Касжински:

-Ирландиялыктардын добушу жана Лисабон келишиминин күчүнө кириши Евробиримдикке Батыш Балкан өлкөлөрүнүн жана Исландиянын кошулушун тездетет кейпи. Сыягы Исландия менен Хорватия Евробиримдикке 2011-жылы, калган Балкан өлкөлөрү кийинки эки жылда кошулат.

Пиотр Касжински- Брюсселдеги Европалык саясый изилдөөлөр борборунун серепчиси.

XS
SM
MD
LG