Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Эдвард Кеннединин сөөгү бир туугандарынын жанына коюлду


Массачусетс штатынын Бостон шаарында Жон Кеннеди китепканасынын залында маркум сенатор Эдвард Кеннединин табытына улам жаңы кишилер келип, соңку таазимин көрсөтүп жатышты. 2009-жылдын 28-августу.
Массачусетс штатынын Бостон шаарында Жон Кеннеди китепканасынын залында маркум сенатор Эдвард Кеннединин табытына улам жаңы кишилер келип, соңку таазимин көрсөтүп жатышты. 2009-жылдын 28-августу.
Ишембиде (29-августта) АКШ сенатору Эдвард (Тэд) Кеннединин сөөгү Вашингтондун жанындагы Арлингтон Улуттук Көрүстөнүндө өзүнүн киши колдуу өлгөн улуу бир туугандарынын жанына жерге берилди.

Анын бейитине жакын жерде 1968-жылы киши колдуу өлгөн агасы Роберт Кеннединин бейити жайгашкан, саал узагыраакта – 1963-жылы киши колдуу өлгөн президент агасы Жон Кеннединин арбагына багышталган өчпөс шам алоолонуп жанып турат.

АКШ президенти Барак Обама 29-августта Бостон шаарында маркум сенатор Кеннедиге багышталган эскерүү жыйынында чыгып сүйлөп, Тэд Кеннеди бүткүл өмүрдүк ишин өз доошу угулбай келгендердин үнүн калайыкка жеткирүүгө арнаганын баса белгилеп айтты.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, мурдагы АКШ, Канада жана Улуу Британиядагы мурдагы кыргыз элчиси, депутат (СДП) Роза Отунбаева “Азаттык” үчүн курган маегинде маркум сенатор Кеннеди кыргызстандык саясатчыларга да өрнөктүү таасир тийгизген инсан болгонун белгиледи:

- АКШда абдан таасирдүү, чоң инсан дүйнөдөн кайтты. Ал тарыхый фигуралардын бири болчу. Аны Кыргызстанда биз да сыйлап келгенбиз.

77 жаштагы сенатор Кеннеди шейшембиде мээнин рак оорусунун айынан каза болгон.

Сенатор Кеннеди Массачусетс штатынан АКШ Конгрессине Демократиялык партиянын атынан шайланып, 47 жыл кызмат өтөгөн.

XS
SM
MD
LG