Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Эфиопияда учак кулады: аман калганы жок


Учак кулаган жер
Учак кулаган жер

10-марттын таңында Эфиопия борбору Аддис Абебадан Кения борбору Найробиге бараткан учак кыйрады. Бортунда кеминде 35 өлкөнүн жарандары баратканы, бири да аман калбаганы такталды. Бул кырсык чыкканына көп болбогон "Боингдин" ушул учагынын коопсуздугу боюнча талкууну күчөтүүдө.

Учак Бишофту шаарына жакын жерде, ай талаага кулаптыр. Ал жерге барган "Рейтер" агенттигинин кабарчысы учак көп бөлүктөргө бөлүнүп, өрттөнүп кеткенин маалымдады.

Кулаган учактын абадагы жолу
Кулаган учактын абадагы жолу

Ал тапта Найробинин аэропортунда жакындарын тосуп алмакка баргандар кыйсыпыр түшүп жатышты. Кырсык тууралуу аларга дароо кабар жетпептир:

- Келип эле учуп-конуулар жадыбалын карадык. Ал жерден учак убагында конгонун көрдүк. Күтүп атканбыз. Кишилердин чыгып атканын көрдүк. Тууганыбыз да азыр көрүнөт деп ишенимдүү турганбыз. Бир нече мүнөт өтпөй "Фейсбук" менен "Твиттерден" "Эфиопия Эйрлейнстин" жаңы эле абага көтөрүлгөн учагы кулады деген кабарларды окуп калдык. Убакытты карасак алар Эфиопиядан учкан учурга дал келди, – дейт Роберт Мутанда аттуу кениялык.

Жакынын жоготкондор
Жакынын жоготкондор

Борттогу 157 кишинин бири да аман калган эмес. Алардын экөөнөн башкасынын тек-жайы, 35 өлкөнүн жарандары экени такталганын Кениянын транспорт министри Жеймс Мачария билдирди:

- Арасында эң көп жабыркаганы, өзүңөр болжоп тургандай Кения. 149 жүргүнчүнүн 32си биздин жарандар болгон. Канаданын 18, Эфиопиянын 9, Кытайдын 8, Египеттин 6, Нидерландынын 5, Франция менен Британиянын жетиден, Индиянын 4, Италиянын 8 жараны болгон. Ошондой эле Словакиядан төрт, АКШдан сегиз жаран. Башка да бир нече өлкөнүн бир же экиден жарандары бар экен.

Ошондой эле бортто Орусиянын үч жараны да болгон.

Словакиялыктардын үчөө - аталган өлкөнүн Элдик Радасынын депутаты Антон Хрнконун аялы, кызы жана уулу болуп чыкты.

Ахмед Халид атасы Халид Бзамбур менен
Ахмед Халид атасы Халид Бзамбур менен

Ахмед Халид аттуу жигит да кырсыктаган ET 302 каттамында болушу керек эле. Бир нече мүнөт анын өмүрүн сактап калыптыр.

- Мен Дубайдан Аддис Абебага, ал жерден Найробиге учмакмын. Бирок Дубайда кармалып калганыбызга байланыштуу биринчи учакка кечиктим. Аддис Абебадагылар саат 11де кете турган экинчи каттамга отур дешти. Макул болдум, – деп өзүн тосуп алганы барган атасын кучактай кеп салды.

Кырсыкка эмне себеп болгону дароо билинген жок. Учууларга көз салган Flightradar24 сайты абага көтөрүлгөндөн кийин учактын вертикалдык ылдамдыгы стабилдүү болбогонун көрсөтүүдө.

Боинг 737 MAX сындан өткөн учур, Сиэтл, 29-январь, 2019-жыл.
Боинг 737 MAX сындан өткөн учур, Сиэтл, 29-январь, 2019-жыл.

Бул кырсык Боинг 737 MAX 8 учагы канчалык коопсуз деген талкууну дароо күчөттү. Анткени дал ушундай типтеги учак октябрда Индонезияда кулап, 189 адамдын өмүрү кыйылган.

Боинг 737 MAX 8 – Боинг 737нин төртүнчү мууну. 2016-жылдын 29-январында алгач ирет учуп, сындан өткөрүлгөн. 2017-жылы майда эксплуатацияга берилген.

XS
SM
MD
LG