Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Грузия: Бийлик болочокто президенттен премьерге өтөт


Грузин парламентиндеги кезектеги жыйын.
Грузин парламентиндеги кезектеги жыйын.

Грузин парламенти жума күнү өлкө Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча талаштуу мыйзамды акыркы окуудан кабыл алды.

Ага ылайык, президенттин ыйгарым укугунун бөлүгү премьер-министрге өтөт. Грузин оппозициясы жана сынчылар муну Михаил Саакашвилинин президенттик мөөнөтү аяктаган соң премьер-министрликти мелжеген долбоору катары баалаган.

Конституциянын жаңы долбоорун соңку добуш берүүдө парламенттеги 150 депутаттын 112си колдоду, бешөө каршы чыкты, бирөө калыс турду.
Грузиянын президенти Михаил Саакашвили.

Жактоочулардын ырастоосунда, киргизилген өзгөртүүлөр бийлик системасын тең салмактап, Грузияга саясий туруктуулукту алып келет, ыйгарым укуктарды президент, премьер-министр жана парламент ортосунда оптималдуу бөлүштүрөт. Мурдагыга караганда премьер-министр менен парламенттин ролун көтөрөт.

Парламент төрагасынын орун басары Леван Вепхвадзе өзгөртүүнүн президент бийлигине тийүүчү таасирин төмөнкүчө чечмеледи:

- Бул Конституция бизди президенттик-парламенттик моделден парламенттик-президенттик моделге көчүрөт. Президент ички саясатка активдүү аралашпайт, тескерисинче биздин өлкөнүн эл аралык аренадагы өкүлү болот. Ал эми өлкө ичинде болсо башкаруунун негизги милдеттерин өкмөт аркалайт.

Өнүгүү эмес, артка чегинүүбү?

Грузин оппозициясы менен жаңы долбоордун сынчылары бул реформадан Михаил Саакашвилинин президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтү 2013-жылы аяктагандан кийин премьер-министрликти ээлеп, ага катар бийликти колдон чыгарбоо мүдөөсүн көрүштү.

Нино Буржанадзе
Грузин оппозициясынын лидерлеринин бири, парламенттин мурдагы төрайымы Нино Буржанадзе Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр өлкөнү “суперпрезиденттиктен” “суперпремьерлик” республикага айлантарын, Грузияда “эмнени кааласа, ошону жасай алчу” премьер-министр пайда болорун белгилеген.

Саакашвили өзү реформаны былтыр сунуш кылганда муну бийлик менен ал тушта күчөп турган оппозициянын ортосундагы ажырымды азайтуу аракети катары мүнөздөгөн. Бирок анын оппоненттери жараянга катышуудан баш тартып, Конституцияны өзгөртүү вазийпасын толугу менен президентке жана анын партиясына энчилеп коюшту.

Конституция боюнча бейөкмөт уюмдар жана юристтер түзгөн коомдук комиссиянын мүчөсү Вахтанг Забирадзе жаңы Баш мыйзам өлкөнүн үчүн өнүгүү эмес, артка чегинүү экендигин айтат:

- Бул – Грузиянын саясий жана социалдык чөйрөсү үчүн абдан коркунучтуу нерсе. Бул “көк кардиналдардын” муктаждыгын эске алган Конституция. Ал адамдар кимдер, грузиндер болгон күндө деле Грузиянын же башка мамлекеттердин кызыкчылыгына иштейби, эч ким эч убакта билбейт. Бул Конституция өлкөнүн келечеги үчүн абдан коркунучтуу.

Батыш тынчсызданат

Конституциянын өзгөртүлүшү грузин бийлигинин ички оппоненттерин эле эмес өлкөнүн Батыштагы байкоочуларын да камтамага салгандай болду. Президент Михаил Саакашвили Роза ыңкылабынан кийинки доорго караганда демократиялык беделин кыйла төмөндөтүп алган эле.
Роза ыңкылабынан бир көрүнүш.

Батыштык расмий өкүлдөр Тбилисини Баш мыйзамды өзгөртүү маселесине келгенде абдан этият болууга, Европанын адам укуктары жана демократиялык өнүгүү боюнча башкы мекемеси – Европа кеңеши өзүнүн соңку сунуштарын иштеп чыкмайынча добуш бербей турууга чакырган.

Европа кеңешинин консультативдик органы – Венеция комиссиясы соңку кортундусун Конституция долбоору добушка салынган жума күнү эле чыгара алды. Парламент спикери Давид Бакрадзенин ырастоосунда, Венеция комиссиясынан оң баасын жөнөткөн:

- Венеция комиссиясы соңку жыйынына бүгүн эртең менен чогулуп, дагы бир жолу биздин жаңы Конституциянын долбоорун талкуулады. Азыр бизде алардын соңку тыянагы бар, ал позитивдүү.

Ага чейин Венеция комиссиясы өз интернет сайтында 8-октябрда жарыялаган баштапкы кортундусунда, грузин Конституциясы эмне себептен өзгөрүп жаткандыгын комментарийлеген эмес, бирок бул аракетти “мамлекеттик аппараты жакшыртууга карай нукура умтулуу эмес, жеке бийлик жүйөөсүнөн улам жасалып жаткан” иш катары баалаган.
Конституция бизди президенттик-парламенттик моделден парламенттик-президенттик моделге көчүрөт.


Айтор өнүгүп келе келе жаткан демократия деген беделин сактоого умтулуп жаткан Грузия Конституциясына киргизилген соңку өзгөртүүлөр аркылуу эски совет аймагынын башкаруу системасын оңдоп-түзөө жолунда бара жаткан акыркы өлкөсү болуп калды.

Маселен Украинада Саргылт ыңкылаптын шарапаты менен Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр өткөн айдын соңунда жокко чыгарылды. Ага ылайык, парламенттин ыйгарым укуктары чектелип, тескерисинче, президенттин таасири артмакчы.

Эл аралык коомчулук жакшы баалаган 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин Кыргызстандын Борбор Азияда туңгуч парламенттик демократияны орнотуу мүдөөсү да олку-солку болуп турат. Байкоочулар бул эми парламентте кандай коалиция түзүлөрүнө көз каранды болуп калганын айтышууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG